Келген кредиттер өздөштүрүлбөй, айып пул төлөнүүдө,- Эсептөө палатасы

Окуялар тизмеги, Өлкө 14 Ноя 2019 14:18
0 ой-пикир

Алынган кредиттер өздөштүрүлбөй жаткандыктан бюджеттен айып катары ири сумма төлөнүп жатат. Бул тууралуу Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңеште билдирди.

Белгилей кетсек, парламентте “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

«Кредиттер өздөштүрүлбөй жаткандыгына байланыштуу бюджеттен бир нече жылдан бери айып пул төлөнүп келүүдө. Анын суммасы 9 миллион долларды түзүп, бюджеттен каралат. Бул акчаны кредитти колдонгон компаниялар менен подрядчылар төлөй тургандай кылыш керек. Муну өкмөткө да айттык», — дейт Эсеп палатасынын башчысы .

Анткен менен ал жалпы жонунан канча акча кеткенин маалымдаган жок.

Эске салсак, бир жыл мурда борбор калаа Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы берген насыяны өздөштүрө албай койгондугуна байланыштуу 135 миң евро төлөшү керектиги белгилүү болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.