Бүгүн,13-ноябрда Тоң районунун Ак-Сай айылында 26 жаштагы акын Акжолтой Канат уулу менен анын жубайы Изаарад Канатбекова акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазды.
Коштошуу зыйнатына маркумдун атасы Канат, район жетекчилиги, белгилүү акын Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыров, Абдылда Иманкулов жана башка маданият кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышты.
Эске салсак 11-ноябрга караган түнү Бишкек-Торугарт жолунун 218-чакырымында жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, кырсыктан төрт адамдын өмүрүн кыйылган. Акын Акжолтой Канат уулу, маркум акын Майра Керим кызынын уулу болчу.
