Ырчы Урмат Усенов министрдин кеңешчиси кызматына дайындалды.
Тагыраагы, ырчы маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун кеңешчиси болду. Тиешелүү буйрукка министр кол койгондугун, ырчы өзү жарыялады.
Министрликтин кызматкерлери менен тааныштыруу жана расмий ишке киришүү 11-ноябрь күнү болорун толуктады.