Текебаев: Бабановду эл мага караганда үч эсе көп сыйлайт экен

Окуялар тизмеги, Өлкө 05 Ноя 2019 13:51
0 ой-пикир

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Эркин маалымат» YouTube-каналына тойдо «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен бир үстөлдө отурганы боюнча комментарий берген.

Текебаев Бабановдун башына иш түшүп турган учурда андан качуу мырзалыкка жатпай турганын айтып, ага депутаттык корпустагы коллегасы катары баа берген.

«Бабанов мага караганда үч эсе көп добуш алды. Эл Бабановду мага караганда үч эсе көп сыйлап, үч эсе көп ишенет экен. Баш мыйзамда «Жогорку Кеңештин депутаттары, жеке мамилеңерди таштап, биргелешип иштегиле» деген эреже бар. Эгерде 45 жумуш күндүн ишинде бир пикирге келе албасаңар, парламент тарайт. 2015-жылы эл Бабановго мага караганда үч эсе көп добуш берип жөнөтсө, мен аны менен отуруп иштешим керек», — дейт Өмүрбек Текебаев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.