Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктады. Учурда комиссия мүчөлөрү киргизген ар кандай сунуштар изилденип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган комиссиянын жетекчиси, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди:
— Мүчөлөрдүн сын-пикирлеринин, сунуштарынын баарын эске алдык. Ар тараптуу изилденип чыкты.
Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын корутундусунун долбоору кабыл алынган. Ага комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова өзгөчө пикирин билдирген.