Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 12- ноябрда Жогорку Кеңеште отчёт берет.
Отчёт 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын бюджетин бөлүштүрүү маселелери боюнча каралган.
Кошумчалай кетсек, 29-октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 2020-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууда жактырган.