Жалал-Абад: Террордук уюмдун мүчөсү делген адам кармалды

Окуялар тизмеги 28 Окт 2019 12:10
0 ой-пикир

Жалал-Абадда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шек саналган адам кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 25 жаштагы шектүү террордук уюмдун лагеринен атайын диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн жана Кыргызстанга ошондой аракеттерди ишке ашырыш үчүн жөнөтүлгөн.

2016-жылдан бери ал Кыргызстанда Жазык кодексинин «Жалданмачылык» беренеси боюнча издөөдө жүргөн.

Кылмышка шектүү Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Расмий маалыматтарга караганда, Ирак жана Сирияга кетип калган кыргызстандыктар 800дөн көп экени, анын жүздөн ашууну аялдар жана балдар экени кабарланган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.