Өзбекстан: Той өткөрүү эрежесин бузгандарга 1200 доллар айып салынат

Аймак, Окуялар тизмеги 27 Окт 2019 11:33
0 ой-пикир

Өзбекстанда үйлөнүү жана башка үй-бүлөлүк үлпөттөрдү өткөрүү таризин сактабагандарга 11 миллион сум же 1200 доллар айып салуу демилгеси сунушталууда . Өлкөнүн Административдик мыйзам бузуу боюнча кодексине бул өзгөртүүлөр киргизилип, документ коомдук талкууга коюлду.

Кодекске “үйлөнүү той, үй-бүлөлүк үлпөттөр жана куран окутуу жобосун бузуу” жөнүндө өзүнчө берене киргизилди. Ага ылайык, эгер мындай салтанатты өткөргөндөр аталган жобону бузса 2,23 миллион сум же 240 долларга чейин айып салынышы мүмкүн. Ал эми эрежени сактабаган тойкана, кафе, ресторандардын кожоюндары 6 миллион сумдан 11 миллион сумга чейин айыпка жыгылат.

Өткөн айда өзбөк парламени түрдүү салтанаттардын чыгымын азайтуу чаралары камтылган токтом кабыл алган. Ага ылайык, үйлөнүү үлпөттөрүндө музыкалык топтордун саны экиден ашпашы керек жана 250 адамдан көп конок чакырганга болбойт. Ошондой эле үйлөнүү үлпөтүнүн кортежи үч гана машинеден турушу керек. Мындан сырткары тойду бир гана күн — эртең мененки саат 6дан түнкү 23:00гө чейин өткөрүү каралган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин бир топ жыл чогулткан акчасына той бергендерди, тууган-уругунан карызга алып маараке өткөргөндөрдү катуу сынга алып, уяткарган.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Тажикстанда той-топурга мыйзам аркылуу чектөө киргизилген. Аны бузгандарга ири өлчөмдө айып салынат.

Кыргызстанда да аш-мааракени, анын чыгымын азайтуу боюнча маал-маалы менен демилге көтөрүлүп келет. Бирок демилге депутаттар тарабынан колдоо таппай келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.