Жалал-Абадда жер титиреди

Окуялар тизмеги, Өлкө 23 Окт 2019 10:03
0 ой-пикир

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды, — деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 22-октябрь күнү саат 11:49да Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында 2,5 балл жана Кара-Чолок, Багыш, Михайловка айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.