«Апрель» телеканалы өз ишинде мыйзам ченемдерин бузган эмес, — Маалымат департаменти

Окуялар тизмеги, Өлкө 22 Окт 2019 10:10
0 ой-пикир

«Апрель» телеканалы өз ишинде «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу тууралуу» мыйзамдын ченемдерин бузган эмес. Бул тууралуу «Апрель» телеканалынын корреспондентине берген маегинде КР Маданият министрлигинин Маалымат департаментинин директору Салкын Сарногоева билдирди.

Сарногоева белгилегендей, «Апрель» каналынын ишин токтото туруу же санарип ТВ пакетинде теледен көрсөтүүсүнө уруксат кагазын жокко чыгаруу болгон эмес. Мындан улам, «Апрелдин» эфирге чыгуусуна уруксат берүүчү документ өз күчүндө.

Белгилей кетсек, 18-октябрь күнү «Апрель» телеканалынын эфирге чыгуу аракети «Санариптик технологиялар» ЖЧКсынын жетекчилиги тарабынан токтотулганы маалымдалган. Аталган ЖЧК жетекчиси Кубат Оторбаев «Апрелдин» мүлкү камакка алынганын шылтоологон.

9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Апрель» телеканалынын мүлкүн камап койгон. Бир топ медиаэксперттер жана эл аралык уюмдар сөз эркиндигине жасалган мындай кысымдын натыйжасы оор болорун эскерттишкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.