Жалал-Абад: Эки окуучу суицидке барды

Окуялар тизмеги 18 Окт 2019 11:46
0 ой-пикир

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда бир окуучу бала жана Таш-Көмүр шаарында бир окуучу кыз асынып алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Ал ырастагандай, эки өспүрүм тең 15 жашта болгон. Аксыдагы окуя 9-октябрда, Таш-Көмүрдөгү окуя 11-октябрда катталган.

Баштапкы тергөө маалыматтары ырастагандай, окуучу бала эжекеси мектепте телефон көтөрүп жүргөнү үчүн урушуп койгондон кийин барып өз өмүрүнө кол салган. Кыздын суицидге барган себеби белгисиз, ал асынарда «Апа, мени кечир» деген кат таштап кеткен. Өспүрүмдөрдүн сөөгүнөн зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес.

Эки факт боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилген. Окуучулардын ата-энелери эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткандан кийин иликтөө иштери токтотулган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.