Атамбаевдин иши боюнча сот 15-ноябрга белгиленди

Окуялар тизмеги, Өлкө 17 Окт 2019 09:32
0 ой-пикир

16-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча алдын ала угуулар болуп өттү. Сотто Эмилбек Каипов төрагалык кылууда.

Башкы прокуратуранын жазык жана жарандык иштер боюнча башкармалыгынын улук прокурору Медербек Абдышев мамлекеттик айыптоочу болуп дайындалган.

Соттук отурумда жактоочулар тарабынан бир катар өтүнүчтөр келтирилген. Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары айрым далилдерди иштин материалдарынан алып салууну өтүнгөн. Маселен, Атамбаев менен Аида Салянова жана Атамбаевдин Шамиль Атаханов менен беттештирүүлөрүнүн эки протоколун алып салуу өтүнүчү болгон. Сот ал өтүнүчтү канааттандырган эмес.

«Ошондой эле кылмыш иштин №27 томун ачыктоо боюнча өтүнүч болгон. КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 270-беренесине ылайык, алдын ала угууларда карала турган негиздердин так тизмеси көрсөтүлгөн. Ал жерде кылмыш иштин материалдарын ачыктоо жок. Мындан улам сот ал өтүнүчтү четке каккан», — деди мамслекеттик айыптоочу.

Андан тышкары, прокурор белгилегендей, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова далилдердин катарынан сот Жапара Эрматованын көрсөтмөсүн алып салууну өтүнгөн. Сот ал өтүнүчтү дагы канааттандырган эмес.

Ошондой эле, Раимжановдун жактоочулары айыпталуучу Раимжановдун ден-соолугун аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүүнү өтүнгөн. Мамлекеттик айыптоочу тарап, жактоочулар тиешелүү документтерди, анын абалы тууралуу медициналык корутундуну көрсөтпөгөнүн билдирип, бул өтүнүчтү четке кагууну өтүнгөн. Жактоочулардын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Кийинки отурум 2019-жылдын 15-ноябрында белгиленди. Материалдарда жашыруун маалыматтар болгондуктан отурум жабык түрдө өтөт.

Мындан мурдараак ИИМден билдиришкендей А. Батукаевдин бошотулушу боюнча иште сотко чейин өндүрүш боюнча 19 шектелүүчүгө билдирүү берилген. 14 шектелүүчү менен тергөө менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлса, 5 шектелүүчү кызматташуудан баш тарткан.

Кызматташуу боюнча макулдашууга кол койгон шектелүүчүлөрдүн кылмыш иштеринин материалдары 423 том жана негизги кылмыш иште 28 томду түзгөн. Жалпы 451 том болгон.

Эске салсак, камакта отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаев уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупцияны уюштурууга, башкача айтканда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тиешеси бар деп шектелип жатат. Мындай айыпты ага Башкы прокуратура таккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.