Жалал-Абад облусу Орусиянын Тюмен облусу менен кызматташмай болду

Окуялар тизмеги 13 Окт 2019 16:09
0 ой-пикир

Жалал-Абад облусу Орусиянын Тюмен облусу менен кызматташмай болду. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий багытта кызматташуу тууралуу келишим кыргыз делегациясынын Тюмен шаарындагы иш cапарынын жыйынтыгында кабыл алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз өкмөтү менен Тюмен облусунун өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык боюнча 2019-2023-жылдарга түзүлгөн келишимди ишке ашыруунун жол картасы да кабыл алынды.

10-11-октябрда Тюмен шаарында кыргыз диаспорасынын «Биримдик» аймактык коомдук уюмунун 10 жылдык мааракесине карата «Кыргызстандын Тюмен облусундагы күндөрү» аттуу иш-чара өттү. Ага Кыргызстандан экономика министринин орун басары Элдар Алишеров баштаган өкмөттүк делегация катышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.