Бактыгүл Жээнбаева суракка чакыртылды

Окуялар тизмеги 30 Сен 2019 13:15
0 ой-пикир

Өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборуна мамлекет бөлгөн каражаттын туура эмес пайдаланылышы боюнча териштирүүнүн алкагында Финансы министрлигинде сакталып турган айрым документтер алынды. Бул тууралуу 30-сентябрда Финансы министрлигинин сайтына расмий билдирүү чыкты.

Сайттагы маалыматка караганда, кагаздар министрдин иш бөлмөсүнөн эмес, кызматтык документтер сакталуучу жайдан алынды.

«Кагаздарды алууга министр Бактыгүл Жээнбаева өзү уруксат берген. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) тергөө органдары сотко чейинки өндүрүш алкагында тиешелүү документтерди Жазык-процесстик кодекстин негизинде алышты. Министрдин иш бөлмөсүндө тинтүү болгон жок» деп билдирди министрлик.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны 30-сентябрга Финансы полициясына суракка чакырылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.