Кыргыз элинин бири-бирин сыйлабастыгы, ашыкча каралоо күч алды

Аналитика, Статьялар 30 Сен 2019 17:31
0 ой-пикир

30-сентябрда «Азаттык Медиа» өзүнүн операторунун кол салууга кабылышы боюнча билдирүүдө «Азаттык Медиа» мекемеси Ош шаарында өзүнүн оператору Айбек Кулчумановду уруп, колундагы техникасын карактап кеткен окуяны кескин сынга алды жана укук коргоо органдарынан бул окуянын терең иликтенишин талап кылды.

«Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салып, техникалык жабдууларын карактаган тараптын адвокаты Амантур Медербек уулуна окшош адам Ош шаардык соттук-медициналык экспертиза борборуна келип, өзүн милициянын ыкчам кызматкери катары тааныштырды. Аны «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков видеого тартып, чоо-жайын сураганга аракет кылган кезде качып кетти. Окуя 30-сентябрда кечки саат 16:10до болду. Соттук-медициналык экспертизада Кулчумановдун саламаттыгынын чоо-жайына байланыштуу текшерүү жүрүп жаткан.

Кыргызстандагы акыркы күндөрү орун алган Раимбек Матраимовдун айланасындагы жагдайлар боюнча «Ата-Журт» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Шүкүрбек Эркебаев Еlgezit.kg порталына маек берип, өз ойлору менен кенен бөлүштү.

«Раимбек Матраимовдун бетин “Азаттык” тырмап жатабы же Раимбек Матраимов “Азаттыктын” бетин тырмап жатабы?«

Кыргызстанда акыркы жылдары өлкөбүздүн жана коомубуздун өнүгүшүн артка тартып жаткан негизги көйгөй – адептин жоголушу, руханий баалуулуктардын жоктугу, жалпы маданияттын деңгээлинин төмөндөшү, кыргыз элинин бири-бирин сыйлабастыгы ашыкча каралоо күч алды. Акылына таянган стратегиялык көз караш Кыргызстанга бүгүн өтө керек.
Учурдагы муундар бүгүн кандай өнүп-өссө эртең алдыда өсүп келе жаткан жаштардын аң-сезими кандай болот экен деген бүдөмүк ойлор түйшөлтөт. Бүгүнкү күндөгү ар тармактагы коомдогу терс көрүнүштөр — ыймансыздыкка, маданиятсыздыкка, баскан жерине чырт түкүрүп кетмей адатка айланды.
Дүйнө жүзү күндөн-күнгө өзгөрүп, өсүү жолуна түшө турган болсо, кыргыз элинин көпчүлүгү кул мүнөзгө айланып бара жатат. Арстанбек Буйлаш уулу айткандай, оомалуу-төкмөлүү заманды баштан кечирип, калк бири-бирин кадырлаганды, уулун урматтап, кызын сыйлаганды унутта калтырып өнүгүүнүн тажрыйбасына түшпөй эле, “чукумайды” адат кылып алдык. Эки жолку төңкөрүш Кыргызстанга өсүүнү, элибизге өзгөчө жашоо өрнөгүн үйрөтө алган жок!
Бүгүнкү күнү өлкөдө бири-бирин жаманатты кылуу өкүм сүрүүдө! Бийликтегилер ортосунда тымызын күрөш парламенттик шайлоого карата күч алса, бийлик бутактарынын ортосунда баланстын жоктугу тирешүүгө даңгыр жол ачты. Мамлекеттүүлүк менен элдин нарктуу барктуулугун сактап калуу кызыкчылыгы атайылап артка сүрүлдү.
Кыргыз эли Азиядагы эң байыркы улуу калкпыз, 2200 жылдан ашты тамырыбыз тереңде деп мактанганыбыз менен акыркы жылдары кыргыз эли партиялык принцип менен жашап, Түндүк-Түштүк маселеси бул жакта турсун, ууру-ууруга, жер-жерге бөлүнө баштады. Бул көрүнүш – парламенттик башкаруунун кесепети. Өлкөдө сырттан байкап караган адамга кыргыз элинин руханий байлыгынын тамыры соолуп бара жаткандай. Чындыкты туу туткан кыргыз калкы, салттуулук менен мыйзамдуулукту бирдей сактаган, макал-лакаптары мыйзамдын денени дүркүрөткөн кыргыз эли ата-бабаларыбыздын улуу уюткулуу сөздөрүн унутуп, ар кайсы улутту ээрчип, “ээрчиме” калкка айланып бара жатабыз. Улуттук идеология – улутту сактаган улуу жол болгону менен так ушул тапта тилекке каршы улуттук идеолгиянын максаты эмне экенин эч кимдин уккусу келбейт!
Ошентип биздеги намысты туу туткан, эр жүрөктүүлүк, баатырдык мүнөзү бар эркектерибиз азайды! Адамдардын бири-бирине болгон ишеними түп-тамыры менен жокко чыгып, социалдык тармактарда “диванга жатып алып жазган эксперттер” көбөйдү. Кайдыгерлик менен маданиятсыздык өрчүдү. Эл өзүнүн эр уулдарын кимдир- бирөөнүн буйругу менен эр жүрөк кылып, каалаганда жерге чаап салуу ишке ашты.
Социалдык тармактардагы бир өңчөй чабуулдардардын алдыңкы катмарында учурда Райым Матраимов турат. Бул инсан учурдагы каралоонун эмблемасы.
Алсак айрым маалымат булактары 21-сентябрдагы Ош облусуна караштуу атышуу болуп, анын кесептинен бири ооруканага түшкөн. Жабыркаган адам мурдагы орган кызматкери, EREM спорт клубунда машыгып жүргөнүн, ал Раим Матраимовдун агасы Искендер Матраимов жетектеген EREM спорт клубунда машыккандыгын байма-бай жазып келишти.
Аны менен бирге эле ок чыгарган Кылычбек Саркабаевди Матраимовдун үй-бүлөсү менен жакын катыштыгы, достук мамилеси бар экендиги айтылганын алгачкы эле жолу “Азаттыктын” журналисттери жем таштады.
Андыктан желдин каттуу согушу, жаан жаап, чагылгандын чартылдашын Матраимовго шылтай берүү чындыкка дал келбесе керек.
Андыктан килтейген акыл-эстүү жигиттердин атышына Райым Матраимов жооп бериши керекпи,- деген суроо жаралат. Ал тургай аккан дүйнөнүн агымына кирип, актыкты таанып, ага моюн сунуп, ак караны тең салмактаган адал менен арамды ажырата билген эки жигиттин “улактарча” салгылашуусу Матраимовду “аралаштырып” кетүүнүн кажети барбы?
Же Матраимовдор спорттук залына келген ар бир спортчулары үчүн жооп береби? Бул көрүнүш эптеп көө сүртүү менен каралоо болсо араң турган элдин бүйүрүн кызытуу. Эл оозун ачып жаба электе, 28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун видео камерасын толук комплектиси менен Матраимовдун жигиттери тартып алды деген маалымат тарады. Милиция кызматкерине «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов дрон аркылуу шаарды тартып жүргөнүн айткан. Кыскасын айтканда, эки ача ойлор, ал эми окуянын чоо-жайы окурмандарга кызык. Эми мындай окуялар тынымсыз болуп турат, жакында парламенттик шайлоо.
Ошентип, мынчалык жан дүйнөбүз жакшылыкты көрбөгөн, рух-демибиз жамандыкка чыланып, өзүн унутуп, өзгөнү ээрчиген баатырдык сапаттарыбыз жукарып, кайдыгерлик үстөмдүк кылып, бирикпей ыдырап бара жаткан калкка айланып бара жатабыз.
Калктын калың катмарына сиңип кирип, «кара пиардын» туу чокусуна жетип, сормо саздын чегине жеткен Матраимовдор деле, жактамыш болгон биз дагы, иликтөөбүз менен ачыкка чыгабыз деген “Азаттык” дагы жердин төрүнө барып жатып, башыбызга чөп чыгып, шамал менен ыргалып турарын унутпашыбыз керек! Бул кыска, бир жолу келген өмүрдө алтындай убакыттарды бирөөлөрдү каралоо менен текке кетирбесек, атаганат.

Эске салсак, «Азаттык» буга чейин да аты аталган инсан тууралуу Али Токтакунов анын ишмердүүлүгү туурасында иликтөө кылган. Анда аталган медианын кабарчысы 29-майда «Азаттык» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда ынанымдуу булактар 2011-2017-жылдары өлкөдөн 700 млн. доллардын тегерегинде акча чыгарылганын билдиргени баяндалат. Бул сумманын 250 млн. долларга жакынынын документи «Азаттыктын» колуна тийген. Документтер Айеркен Саймаити аттуу Кытайдын жараны, ал теңшерик ээлик кылган «Абдыраз» ЖЧКсы жана Саймаитинин аялы Вуфули Бумаилиаму Оштогу банктар аркылуу ондон ашуун чет өлкөгө акча которушканын көрсөтүүдө.

«Раимбек Матраимовдун ысымы катышкан окуялар тыйылбады»

Ушул жылдын сентябрь айында эле Раимбек Матраимовдун ысымы аталган эки кылмыштуу окуя болду. Бири жогорудагы айтылганы болсо, экинчиси Кара-Сууга караштуу Фуркат айылында Араван райондук милициясынын мурдагы кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулуна ок тийип, ал Кылмыш Реестрине киргизилгени.

Бул окуядан кийин кылмышка шектүү катары эки адам кармалганы, бири Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы, кикбоксинг боюнча спорттун чебери Кылыч Саркарбаев экени айтылып тастыкталган.

22-сентябрь күнү таңга маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгон. Анда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Социалдык түйүндөрдө «Азаттыктын» дагы бир кабарчысы Ыдырыс Исаковдун үстүнөн арыз жазылып, аны каралоо иштери башталган. Бул жагдай боюнча журналист өзүнүн жеке баракчасында мындай деп жазып чыкты:

Ыдырыс Исаков: «Балдардын жерин Матраимовдорго берип койгон мэр жазалансын!»

«Раим Матраимов тосуп алган жолду ачсын!»

-Туугандар, мага карата да каралоо башталыптыр

Негизи бул күтүлгөн эле кадам болчу. Коорупционердин бетин ачып, ээлеп алган жерин айтып, төлөбөй койгон салыгын санап, «казынага төк» -деп, доолап атсаң ким эле дароо мойнуна алсын? Ким эле ии билбей калыпмын жакшы эстетпедиңби? -деп чуркап келип, карызын карыздай, салыгын салыктай төлөп койсун?

Мындайда эч ким күнөөсүн мойнуна алгысы келбейт. Салыкчы менен сүйлөшүп алган «кара схемасы» бир күндө эле ачыкка чыгып кетсе, кайсы коррупционер кубансын? Мурда жакшы эле айтканын кылып аткан салыкчы бир күн эле кагазына кол койбой «мындан ары тазараак төлөбөсөңүз болбойт» деп турса кайсы коррупционер жыргасын. Жыргабайт. Кубанбайт. Нааразыланат. Ушу журналисттер тойгузду дейт. Сөгүнөт, актанат. Анан айласы кеткенде ушинтип, каралоого, беттен алганга өтөт.

Кечээ Ыдырыс Исаков менден 5 миң доллар сурады деп бир жигит маалымат таратты. Ал бала милициянын полковниги экенин унутуп, каралардын ана башы Кадыр (Женго) Досоновко өкүл бала болуп алган ишкер Жалил Атамбаевдин колунда иштейт. Ошондуктан ал баланын абалын да жакшы түшүнөм. Шефи «арыз жаз. Кайдан болсо да бирдемени ойлоп тап! Ии, Ыдырыс акча сурады деп жаз. Алдамчы деп жаз!» -деп артында маарап турса кантип баш тартат?

Ошондуктан «Ыдырыс акча сурады» деп маалымат берип аткан баланы сөкпөңүздөр. Тилдеп жаман көрбөңүздөр. Жөн гана түшүнүп коюңуздар.

А Жалил Атамбаев салыгын таза төлөсүң. Раим Матраимов тосуп алган жолду ачсын. Балдардын жерин Матраимовко берип койгон мэр жазалансын. Жалил Атамбаевдин салыгын, ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөндүн ордуна калкалап, «крыша» болуп алган чиновниктердин бети ачылсын. Жоопкерчиликке тартылсын.

Милиция байды мактап, элди алдап оокат кылганын койсун. Милиция ууруларга адвокат болбой, элге кызмат кылсын. Мамлекетке кызмат кылсын!

Чиновниктер ар бир тыйынын кайдан тапканын элге санап, далилдеп бере турган заманга жетели. Анткени чиновник элдин жалданма жумушчусу! Ушуну унутпайлы!

А мага карата каралоолор дагы болот! Али көп болот. А мен коррупция менен күрөшө берем. Ууруну ууру, кылмышкерди кылмышкер деп айта берем. Беттерин ача берем, — деп жазган.

P.S.Кандай болгон күндө да Кыргызстанда акыры адилеттүүлүк, намыскөйлүк, бир адамдын көзүн карап жашоо заманы токтойт. Баары эле акчанын күчү менен чечилип калбайт. Мунун дагы бир чеги болот. Акыры адамдык баалуулуктар, билим, патриоттуулук биринчи орунга чыгып, Кыргызстан гүлдөп-өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Буга жол ачуу үчүн биз тазаланышыбыз керек!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.