Президенттин постторуна пикир калтырууга болбой калды

Окуялар тизмеги 27 Сен 2019 16:06
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбековдун «Инстаграм» баракчасындагы акыркы постторунда пикир калтыруучу көзөнөк жабылып турат.

Бул боюнча президенттин аппараты комментарий бере элек. Жакында эле Жээнбековдун «Инстаграм» баракчасы верификациядан өтүп, расмий макамда иштей баштаган.

Учурда Жээнбековдун @sooronbai_zheenbekov_official деп аталган баракчасында 259 миң катталуучу бар.

Ал эми өзү басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдики деген аккаунттарды гана окуйт. Баракчасы расмий жолугушуулардагы, жыйындардагы сүрөттөр жана маалыматтар менен толукталып турат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.