Бабанов кайра Моквага учуп кеттиби?

Окуялар тизмеги 26 Сен 2019 11:28
0 ой-пикир

«Республика» партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов Москвага учуп кеткени тууралуу Говори.ТВ маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, Бабанов бүгүн эртең менен учуп кеткен. Бирок, канча убакытка жана эмне себептер менен кеткени белгисиз.

Кошумчалай кетсек, буга чейин саясатчы юридикалык суроолорду чечүү менен алек экенин жана ал журналисттер менен жолукпай, публикадан алысыраак болуп турууну чечкени тууралуу айтылган эле.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан. Ал аталган мамлекеттик органдарда күн алыс алмак-салмак ар бир чакырылган сайын дээрлик беш сааттан суралган эле.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон жана шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Быйыл 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.