Өмүрбек Бабанов сегиз иш боюнча суралып жатат

Окуялар тизмеги 29 Авг 2019 19:32
0 ой-пикир

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) ага байланыштуу төрт иш, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) да төрт иш иликтенип жатканын айтты.

— Менин билишимче УКМКда төрт иш бар экен. Ошол иштер боюнча көрсөтмө берип жатам. Финансы полициясында да төрттөй иш бар экен, — деди Бабанов.

Ал жогорудагы иштердин айрымдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда, айрымдары быйыл жанданганын билдирди. Бабанов бул тууралуу бүгүн, 29-августта Финансы полициясына кезектеги суракка кирип чыккандан кийин айтты. Ал буга чейин да атайын кызмат менен Финполго бир нече жолу сурак берген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.