«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) ага байланыштуу төрт иш, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) да төрт иш иликтенип жатканын айтты.
— Менин билишимче УКМКда төрт иш бар экен. Ошол иштер боюнча көрсөтмө берип жатам. Финансы полициясында да төрттөй иш бар экен, — деди Бабанов.
Ал жогорудагы иштердин айрымдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда, айрымдары быйыл жанданганын билдирди. Бабанов бул тууралуу бүгүн, 29-августта Финансы полициясына кезектеги суракка кирип чыккандан кийин айтты. Ал буга чейин да атайын кызмат менен Финполго бир нече жолу сурак берген.
Сүрөт интернеттен алынды