Өзбек мушкеринин видеокайрылуусу боюнча эки өлкөнүн министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Окуялар тизмеги 23 Авг 2019 13:30
0 ой-пикир

Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Абдулазиз Камилов телефон аркылуу коңшу өлкөнүн спортчусу жасаган видеокайрылууну талкуулашты.

Эскерте кетсек, 18-августта Ош облусунда кулатуу боюнча эл аралык мелдеш өтүп, ага Өзбекстандан 27 жаштагы Нурсултан Розибоев да катышкан. Турнирдин жыйынтыгына нааразы болгон мушкер Instagram баракчасы аркылуу кыргызстандыктар тууралуу видеокайрылуу жасаган.

Улуттук ар намыска шек келтирген кайрылуу боюнча Ош облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин негизинде («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу») сотко чейинки өндүрүшкө алып, иликтөө иштерин баштаган.

Кайрылууга себеп болгон турнирдин уюштуруучулары да чакырылып, өзбек спортчусу Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендиктен иш Минск конвенциясынын алкагында жүргүзүлмөкчү болгон.

Эки министр коомдо резонанс жараткан кайрылууга көңүл буруп, бул маселенин калыс иликтенишин жеке көзөмөлдөрүнө алууну макулдашышты.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.