ВИДЕО: Турсунбай Бакир уулу Арстан Алайга: «Кудаймын деген дабдырга жообум»

Окуялар тизмеги 23 Авг 2019 11:06
0 ой-пикир

Өзүн «Арстан Алай» деп атап алган, бирок мен жана баардык мусулмандар үчүн «жалкий Чычкан Малай» болуп эсептелген, мумия-тенирчилердин «кудайымын» деген дабдырга жообум.
Туптуура 20 жыл мурда Кыргызстаныма тынчтык алып келейин деп Ооганстанга чейин барып ал өлкөнү башкарып турган Талибандын жана Кыргызстанга кол салган ИДУ (Ислам Өзбек Кыймылы) жетекчилери Тахир Юлдаш, Жумабой Намангани жана Зубайир ибн Абдурахим менен сүйлөшүү жүргүзгөнү барганмын. Кудайга шугур, согушту да токтоттум, Кыргызстандан да можахеддерди чыгарып жибердим, туткундан да кыргыз жана жапондорду эсен-аман бошотуп келгенмин. Талибан менен можахеддерден коркпой келип эми мээси кургап-соолуп калган мумия-теңирчилерден Кыргызстанымда коркоюнбу?!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.