Өмүрбек Бабанов дагы бир жолу сурак берет

Окуялар тизмеги 23 Авг 2019 10:15
0 ой-пикир

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) экинчи жолу сурак берүүгө барат. Ал шайлоо маалында Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары суралып жатат.

Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 20-августта УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылган. Мындан тышкары ага карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен да иш ачылган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.