Бабанов: Бийлик менен сүйлөшүп алып келсем, мени Финполго төрт сааттан ашык кармап отурушмак беле?

Окуялар тизмеги 20 Авг 2019 10:13
0 ой-пикир

9-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финполиция) беш сааттай сурак берип чыккан саясатчы, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов «Кыргызстанга бийлик менен сүйлөшүп, анан келди» деген пикирлерди четке какты. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

— Бийлик менен сүйлөшүп алып келсем, мени Финполго төрт сааттан ашык кармап отурушмак беле? — деген Бабанов тергөө иштери мыйзамдуу болоруна ишенерин, мамлекеттин мүлкүн менчиктештирип албаганын, бардык бизнесин базар баасында сатып алганын белгиледи.

Бүгүн ал Финполицияга «Кыргызстан» банкы боюнча сурак бергенин, 20-августка Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылганын кошумчалады.

Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы боюнча суроого жооп берген жок.

Буга чейин УКМК Бабановго эки кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.