Абдиль Сегизбаев УКМКнын экс-төрагасы: «УКМКда адамдарым жок»

Окуялар тизмеги 13 Авг 2019 17:30
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Абдил Сегизбаев «Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы боюнча УКМКнын кызматкерлеринен маалымат алып турган» деген сөздөрдү четке какты.

Ал бүгүн Ички иштер министрлигине суракка кирип баратып журналисттерге берген комментарийинде атайын кызматтын кызматкерлери менен бир жарым жылдан ашык убакыттан бери байланыша элек экенин айтты.

— «Сегизбаевдин адамдары» деп атышат. Алар ким? Эгерде Сегизбаевдин адамдары болсо аларды жазаласын да. УКМКда менин адамдарым жок. Мен 2 жыл 3 ай төрага болуп иштедим. Ошондо мен «Сегизбаевдин кишиси» деп бирөөнү да алып келген жокмун.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.