Өмүрбек Бабанов үй-бүлөсү менен Таласка барды

Окуялар тизмеги 12 Авг 2019 14:52
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Кыргызстанга кайтып келген мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов учурда үй-бүлөсү менен Талас облусунда жүрөт. Бул тууралуу саясатчынын партиялашы, парламент депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди:

— Өмүрбек Токтогулович 1 жыл 9 ай Кыргызстанда болгон жок. Таласта ата-энесинин үйү бар. Ал өзүнүн айылына келди. Ага чейин ыйык жер ү «Манас-Ордого» зыярат кылып, жакындары менен түлөө өткөрдү.

Бабановду Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаттары Кенжебек Бокоев, Руслан Казакбаев баш болгон тарапташтары коштоп жүрөт.

Сүрөт :Турмуш

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.