Жогорку Кеңештин Кыргызстанга кайтып келген мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов учурда үй-бүлөсү менен Талас облусунда жүрөт. Бул тууралуу саясатчынын партиялашы, парламент депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди:
— Өмүрбек Токтогулович 1 жыл 9 ай Кыргызстанда болгон жок. Таласта ата-энесинин үйү бар. Ал өзүнүн айылына келди. Ага чейин ыйык жер ү «Манас-Ордого» зыярат кылып, жакындары менен түлөө өткөрдү.
Бабановду Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаттары Кенжебек Бокоев, Руслан Казакбаев баш болгон тарапташтары коштоп жүрөт.
Сүрөт :Турмуш