ВИДЕО: Бабанов Бишкекте

Окуялар тизмеги 09 Авг 2019 16:19
0 ой-пикир

Бүгүн, 9-августта «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов “Манас” аэропортуна келип конду. Анын партиялаштары кечээ расмий билдирүү жасашып, саясатчынын өз мекенине кайтаарын билдиришкен.

Бабановду миңден ашуун тарапташтары дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

Саясатчы чогулган эл менен жолугушуп, УКМКга өз каалоосу менен барып мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Бабанов ошондой эле 1 жыл 9 айдан бери үйүндө болбогонун айтып, “үйүмдөгүлөр менен учурашайын, андан соң силер менен шашпай жолугушам жана пресс-конференция өткөрөм” -деп убадасын берип кетти.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.

Ал 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Шайлоодон кийин Москвага кеткен.

УКМКнын маалыматына караганда, ага эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.