УКМК: «Унаа» ишканасы айрым өлкөлөрдөн келген унаалардан бажы төлөмдөрүн албай киргизген

Окуялар тизмеги 18 Июл 2019 11:25
0 ой-пикир

Мамкаттоо кызматынын «Унаа» ишканасында автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз эсепке коюу боюнча корупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалымдалгандай, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө аталган мекемедеги коррупциялык схемалар аныкталган. Негизинен бажы биримдигине мүчө эмес (Прибалтика, АКШ, Грузия) өлкөлөрүнөн КРнын аймагына ташылып келинген транспорт каражаттарын, бажы төлөмдөрүн албай киргизген.

Ушул жылдын июль айынын башында Кыргызстанга айтылган коррупциялык схема менен алынып келинген «Лексус» жана «Шевроле» маркасындагы 2 авто унаа УКМК органы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалды. Андан 2 миллион 608 миң сом зыян келтирилген.

Унааларды мыйзамсыз каттоо боюнча коррупциялык схемаларга катыштыгы бар тараптар жана аларга тиешеси бар МКК кызматкерлерине карата текшерүү иштери жүрүп жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.