ФОТО: Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Окуялар тизмеги 11 Июл 2019 11:42
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагында 10-июлда Берн шаарында Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Швейцария менен эки тараптуу мамилелер Кыргызстан үчүн тышкы саясатта эле эмес, экономиканы ийгиликтүү өнүктүрүүдө да артыкчылыктуу экенин белгиледи. Швейцария парламенттик демократияны курууда, жарандык коом институттарын бекемдөөдө, улуттук өнүгүү программаларын ишке ашырууда Кыргызстанга омоктуу колдоо көрсөтүүдө.

Президент өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана ишкерлик менен алектенүү үчүн, өзгөчө чакан жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кенен айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда региондогу эң либералдуу фискалдык режим түзүлгөнүн кошумчалады.

«Кошумча нарк салыгы — 12 пайызды, пайдага салыгы — 10 пайызды, ал эми киреше салыгы да 10 пайызды түзөт. Регионалдык өнөр жай долбоорлорун ишке ашырган инвесторлор үчүн абдан сезилерлик салык жеңилдиктери берилген», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал Кыргызстанда экономиканын бардык секторлору инвесторлор үчүн ачык экенин өзгөчө белгиледи.

«Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгү активдүү илгерилетүүдө. Кымбат эмес ресурстарга, анын ичинде арзан электр кубаттуулугуна жеткиликтүүлүк биргелешкен ишканаларды түзүүдө салыштырмалуу артыкчылыктарды берет. Электр кубаттуулугунун баасы КМШ өлкөлөрү ичинде эң төмөнкү чекте. Кыргызстандын ЕврАзЭБге мүчөлүгү 180-миллиондук рынокко мүмкүнчүлүк берет», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Швейцариянын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү ар кандай инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Алар санариптештирүү, сертификациялоо, финансы, энергетика, туризм, мунай кайра иштетүү, сүт азыктарын өндүрүү чөйрөлөрүндө өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтышты.

КМШ өлкөлөрүндө долбоорлорду ишке ашырууда швейцариялык ишкер чөйрөлөрүнө көмөктөшүп келаткан инвестициялык компаниялар жакында Кыргызстанга келишерин билдиришти.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга «Herculis Partners», «ABB Schweiz», «Tatneft Europe», «OBVIAM Investing for Impact», «Blue Orchard Finance», «Integral Petroleum», «SICPA», «Switzerland Tourism» сыяктуу ири компаниялардын, ошондой эле Швейцариянын Бириккен соода палатасынын, Швейцариянын Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) жетекчилери, өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.