Театрлардын талабы орундалды

Окуялар тизмеги 05 Июл 2019 17:16
0 ой-пикир

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев театралдык оюн-зоок мекемелеринин имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн каражат бөлүү чечимине кол койду.

Ага ылайык, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратын оңдоого 84 605 100, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына 97 658 300 жана Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого 16 млн. сом бөлүнмөй болду.

Быйыл Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры ремонттолот.

Эске салсак, бир катар драма театрлар оңдоло турганын быйыл май айында президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратын жана айланасын оңдоо иштери менен таанышкан учурда айткан.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, маданий борборлордун имараттары 1970-1972-жылдары колдонууга берилгенден бери бир да жолу толугу менен оңдолгон эмес. Опера жана балет театры акыркы жолу 1978-жылы ремонттолгон, 2016-2017-жылдары жарым-жартылай оңдоп-түзөөдөн өткөн. Филармония акыркы жолу 2007-жылы ремонттолгон.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.