Сирия. Адашып барган кыргыздарды алып келүүнүн жолдору изделүүдө

Мындан 5-6 жыл мурун айрым кыргызстандыктар Сирияга согушка аттанышкан. Согушка баргандар ар кыл маалыматтарга ишенип, айрымдары алданып барса, көпчүлүк бөлүгү «Халифат» түзөбүз (Мусулмандардын бир мамлекети) деп кетишкен.

Менин каарманымдын аты Айнагүл. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан болот. Аны дагы бул маселе айланып өткөн жок, себеби анын сиңдиси күйөөсүнө алданып, Түркия аркылуу Сирияга кеткен. Ал жактан жолдошу курман болуп, азыр ал эки баласы менен “Альхол” лагеринде турат. Аялдар ал лагерлерде ээн-эркин жүрө беришет, бирок чектелген жерден сыртка чыгууга болбойт. Бул дагы эркиндикти чектеп коюуу. Кышкысын абдан суук болсо, жайкысын өтө ысып кетет. Учурда ал жакта аба-ырайы кескин түрдө ысып кеткен (+60 градус). Эгерде адам ооруга чалдыгып калса, медициналык жардам кылган киши жок, дары-дармектер жетишпейт. Дарыгерлер лагерлерге маал-маалы менен келип турушат. Бирок ымыркайга операция жасоо керек болсо же дагы бир кесипкөй жардам зарыл болсо, алар узак убакытка күтүүгө туура келет.

 

Ошондой эле, “Мукамруш” деген лагерь бар. Айтылып жаткан маалыматтарга караганда, кыргыздардын саны абдан эле көп. “Мен 1 айдан бери сиңдим менен сүйлөшө элекмин, алданып, адашып кеткендерди Кыргызстанга алып келүү боюнча президентке бир эмес эки жолу кайрылдык, тийиштүү министрликтерге да кат жолдогонбуз. Чечилип жатат дешет, бирок качан чечилет, белгисиз», — дейт эже.

Мындай кырдаалга кабылган адамдар ар кайсы ведомстволордун эшигин кагып, аларды алып келүү максатын көздөп, туугандары жанында болуусун үчүн бардык колдон келген аракеттерди жасап жатышат. Бирок, бул иш мамлекет тарабынан чечилбесе, жыйынтык чыкпайт.

Сириялыктар да башка өлкөнүн жарандар өз мекенине кайтса деген тилектери бар. Жергиликтүү бийлик да буга тоскоол болбойт. Америка Сириянын түндүк-чыгышынан аскерлерин чыгараарын жарыялагандан кийин атуулдарын алып чыгууга кызыккандар көбөйдү. Январь айынын башында Казакстан 40тан ашык жаранын учак менен алып кетти. Алардын отузга чукулу балдар. Буга чейин анчейин көңүлдөнбөй келген Франция да атуулдарын Сириядан алып кетерин жарыялады. Бирок бул азырынча ишке аша элек. Өлкө ичинде талкууланып жатат. Андыктан жылыш байкалууда.

Коңшу Өзбекстан дагы өз жарандарынын таламын талашып алып кетип жатат.

Ал арада Сирияга кеткен кыргызстандыктардын арасында мекенине башка өлкөлөр аркылуу жасалма документтер менен кайтууга аракет кылгандар бар. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жакында Бишкекте өтүп жаткан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттердин үчүнчү антитеррордук форумунда билдирди.

Анын айтымында, Сирияга барып, бирок ал жактагы согуштан көңүлү калган кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү жасалма документтер менен артка кайтып келүүгө умтулуп жатышат.

Форум «Евразия мейкиндигинде натыйжалуу коопсуздук архитектурасын түзүү: террорчулук менен экстремизмге чогуу жооп кайтаруу» деп аталат. Ага Дамир Сагынбаевден башка парламенттин айрым депутаттары, Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Алымбай Султанов, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген эксперттер катышкан.

Кыргызстандын укук коргоо органдары берген расмий маалыматтарга караганда, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын 200дөн ашыгы курман болгон. Өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топко кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айрым маалыматтар сайтында айтылып жүрөт.

2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча 110 кылмыш иши козголгон. Чогултулган материалдардын негизинде 111 кишиге айып коюлган.

Мурдараак Тышкы иштер министрлиги Сирия жана Ирактагы жарандарынын дайын-дарегин аныктоо иши аяктап, учурда аларды мекенине кайтаруу маселесин талкуулап жатканын кабарлаган. Сириядан ондогон адамдар кыргыз жергесине кайтып келген.

Ушул жылдын башында Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюмунун Террорчулук жана контр-террорчулук боюнча программасынын директору Надим Хоури «Азаттыкка» берген маегинде Сирияда кете албай калган көбүнчө кыргыз аялдары жана балдар бар экенин билдирген.

Сирияда азыр чет өлкөлүк согушкерлер же алардын үй-бүлө мүчөлөрү деп эсептелген адамдардын арасында 47 өлкөнүн жарандары жүрүшөт. Алардын ичинде европалыктар, борбор азиялыктар, ошондой эле Жакынкы Чыгыш жана Африкадан келгендери бар. Айтор, алар дүйнөнүн булуң-бурчундагы көп мамлекеттердин атуулдары. Ирак менен Сириядагы кырдаал бири-биринен айырмаланып турат. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн саясатына жараша.

Надим Хоури
Надим Хоури

Cирияны алсак, АКШ баштаган коалиция колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү чет өлкөлүктөрдү жоопкерчиликке тартпоону чечти. Алар эркектерди түрмөдө кармап, мамлекеттерди “өз жарандарыңарды алып кеткиле” деп жатат. Айымдар менен балдар Сириянын түндүк-чыгышындагы үч лагерде кармалып турат. Алар да жоопкерчиликке тартылган жок. Сириянын демократиялык күчтөрү өлкөлөргө кайрылып, аларды алып кетүүнү суранууда.

Саналуу өлкөлөрдү албаганда азыркыга чейин чет мамлекеттердин көбү өз жарандарын алып кетүүгө көңүлдөнбөй келген. Бирок биз бир аз мезгилден тарта атуулдарын алып кеткиси келгендер көбөйө баштаганын байкап жатабыз.

Иракта болсо абал башкача. Себеби Ирактын бийлиги чет өлкөлүк эркектер менен аялдарды сот жообуна тартабыз деп билдирген. Андай учурлар көп экенин көрүп жатабыз. Андыктан чоң кишилер соттолуп жатат. Ал эми 9 жашка чейинки өспүрүмдөрдү мамлекеттер алып кетсе болот. Бирок бул процесс жай жүрүп жатат. Ошентсе да көп өлкөлөрдүн Багдадда элчиликтери же дипломатиялык өкүлчүлүктөрү болгондуктан алар балдарды алып кете алышат.

Учурдагы Акыйкатчы Токон Мамытов менен байланышканыбызда, ал бул жагдай боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты. Себеби, азыр Өкмөттө атайын комиссия түзүлүп, бул боюнча иштер Тышкы Иштер Министрлиги менен бирге маселени чечүү боюнча кадамдар жасалып жатканын белгиледи.

 

 

Мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Сириядагы кыргыздарды кандай жол менен мамлекетке алып келүү тууралуу сурадык.

Сириядагы кыргыздардын көбүнчө бөлүгү алданып кеткендер болууда. Мына ошолорду кайра өз мекенине кайтаруу боюнча мамлекет кандай кадамдарга барышы керек?

-Кыргыз Республикасынын Конституциясында кыргыз жараны кайсыл жер шарында болбосун коргоого алынышы абзел. Бул жерде тирүү жарандар жөнүндө сөз болуп жатат. Мамлекет өзүнүн алы келбесе, шериктеш мамлекеттер менен келишим түзүп, ошолор аркылуу алып келиши керек. Тактап айтканда, алар ажонун демилгеси менен алынып келиниши керек.

Ал жакка барган айымдардын азыр балдары да бар экен. Алар ошол сириялыктардан көз жаргандары да бар. Учурда бирден-экиден балдары менен лагерлерде жашап жатышат деген маалыматтарыбыз бар. Балдары ошол жакта төрөлгөн соң, аларды алып келүү дагы бир көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Мунун жолун тапса болобу?

Бул маселеде эң негизгиси ата-энесинин бирөө кыргыз жараны болсо, алып келсе болот. Ал эми бала эс тартканда өзү тандоо жасайт.

-Коомчулук Сирияга кеткендерди алып келбей эле койгон оң, анткени алар “адашкандар, бузукулар” деген ойду айтып келет. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Ооба, коомчулук аларга терс мамиле кылышы ыктымал. Ошолордун басымдуу бөлүгү Ислам дининен алыстагандар, теңирчилер, Кудайга ишенбеген адамдар болууда. Адам баласы жаңылат, кайра оңолот. Эң негизгиси алар кыргыздар экенин унутпашыбыз керек. Кыргызда макал бар эмеспи, “Жаңылбаган ооз болбойт, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт”, — мына ошол сыңары бул дүйнөдө ар бир адам жаңылат, аны оңдоого аракет кылышыбыз керек.

Семетей АМАНБЕКОВ – Атайын Еlgezit.kg үчүн

Еlgezit.kg редакциясы макаланын маңызы үчүн жооп бейрбейт жана редакциянын көз карашын билдирбейт

Сүрөт, видео интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу