Президент өкмөттү алтын казууга көз карандылыкты алдын алууга чакырды

Окуялар тизмеги 24 Июн 2019 14:03
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин Бишкекте өткөн биринчи жыйынында өкмөттү алтын казууга көз карандылыктын алдын алууга чакырды. Анын айтымында, Кумтөрдү эске албаганда, мамлекеттик бюджетке тоо-кен тармагындагы ишканалардан түшкөн киреше болгону 2 миллиард сомдон ашпайт.

— Демек, өнөр жайынын дээрлик жарымына барабар болгон көлөмдүн ордун башка өндүрүштөр менен толуктоо маселеси турат, — деди ал. — Өнөр жай өндүрүшүнүн азайышына байланышкан кооптуу жагдайларды азайтыш үчүн өнөр жай тармагындагы мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл. Бүгүнкү күндө өнөр жайынын абалы алтынды өндүрүүгө жана экспорттоого көз каранды болуп калды. Алтын казуудагы өзгөрүүлөр, мисалы, алтынга болгон баа, өндүрүү технологиялары, саясий процесстер, табигый катаклизмдер биздин өнөр жайыбызды дароо артка тартат.

Сооронбай Жээнбеков өкмөт өлкөнү алтын казуудан түздөн-түз көз каранды болуп калуу коркунучунан арылта турган концепцияга өтүшү керек деп эсептейт.

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүү жөнүндө жарлыкка президент былтыр декабрда кол койгон. Комитетке мамлекет башчы өзү төрагалык кылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.