Уранга каршы интернет колдонуучулардын саны — 29298 адамды түзөт

Окуялар тизмеги 29 Апр 2019 11:02
0 ой-пикир

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы акцияга өткөн жумада активисттер каршы чыгышкан. Ал эми Каракол шаарынын эркин журналисти Алена Хоменко баштаган уран казууга каршы онлайн-петицияга 29298 киши кол койду.

«Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол топтоо 22-апрелде башталган. Алена Хоменко петицияга 35 миң кишинин колун топтоону максат кылганын айткан.

Буга чейин жергиликтүү тургундар чыгышкан. 26-апрелде Бишкекте уран казууга каршы болгондор митингге чыгышкан.

Кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдөгү уран кени жабыла турганын жарыялаган. «Бирок уран казуу иши жашыруун жүргөн» деп күмөн санаган айрым коомчулук өкүлдөрү өкмөттүн бул убадасына ишенбей келет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде парламентте уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-жылы кенди геологиялык изилдөөгө уруксат алганын билдирген.

2012-2014-жана 2015-жылы лицензиялык келишим узартылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.