Адиль Турдукулов, активист: «Саясий элита тарабынан күтүлгөн сөздөр айтылган жок»

Elgezit.kg басылмасы активист Адиль Турдукулов менен байланышып анын оюн угуп көрдү.

— Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Парламентте сөз сүйлөдү. Кайрылуу боюнча сиздин пикириңиз?

— Президенттин кайрылуусу боюнча бизге белгилүү болгондой, өлкөдө саясий чыңалуу күчөп жатканы башкы себеп.  Ошол эле учурда, акыркы күндөрү ага айтылган сын-пикирлер көбөйгөн. Саясий элита күткөн жоопторду ала алган жокпуз деп айтат элем. Президент Өкмөт башчынын баштаган иштерине алдыга карай пландарды айта кетти. Мамлекет башчы эң оболу өлкөнү бириктирчү фигура болуп саналат. Ал эми соттук он-лайн трансляция болуусу керек дегени, ирригациялык маселелерди алдыга коюп, ошого басым жасап, аны көтөрүү приоритеттүү көрүнүш эмес. Коррупцияны тазалоону эмнеден баштоону айтса жакшы болмок, — дейт Турдукулов.

«Элдер чыдамсыздык менен күткөн нерсе айтылган жок», — деди активист.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөгөн.

Сүрөт интернет желесинен алынды

Маектешкен Жазгүл Урмамбетова,

Elgezit.kg редакциясы

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Билдирүү калтыруу