Асель Минбаева, бийчи: «Офисте иштеп олтурганымды элестете албайм»

Интервью 02 Апр 2019 14:10
0 ой-пикир

Ар бир шыктуу кичинекей кыз бийлегиси келип, ыр жандуу болот. Мындай кыздардын талантын ачууда сөзсүз түрдө ага кол кабыш кылуу керек.

Учурда ата-энелер балдарын ар кандай курстарга жана топторго алып барып, баланын аң сезимин өстүрүүгө аракет жасашат.

Мына ошондой топтордун бирин ачып, ийгиликтүү иштеп келе жаткан бүгүнкү биздин каарманыбыз бийчи Асел Минбаева. Асел тез аранын ичинде бий боюнча популярдуу болуп, «Асел-Банум» аттуу бийчилер тобун ачкан. Кымча бел кыздарды тарбиялап, бийге үйрөтүү ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Аселдин талантына таазим этип, ал тууралуу азын-оолак сөз кылууну туура көрдүк.

— Асел айым, айтсаңыз, канча жашыңыздан тартып бийге кызыга баштадыңыз?

— Кичинекей кезимде эле бийге кызыгам. Ар кандай дисктерди сатып алып, ошол эле жерден түн жарымга чейин үйрөнө берчүмүн. Кээде окшошпосо, бир сыйра боорум эзилгенче күлүп, кайра ыйлагым келип бийлей берчүмүн. Негизи атам өзү китеп эле оку, бий кереги жок деп жактырбачу. Ошондуктан өзүнчө үйрөндүм, бала кезимде эч жерден бийден сабак алган эмесмин. Кийинчерээк чоңоюп калгандан кийин көп эле мектептерге барып профессионалдуу деңгээлде үйрөндүм.

— Көп кыздар өз алдынча бийлегенди үйрөнүп алса болот деген пикирде, сиздин оюңуз кандай?

— Негизинен өзүнчө үйрөнгөн деле жакшы болот, бирок колдон келсе устаттан билим алган эң туура деп ойлойм. Себеби, ар бир бийдин өзүнүн эрежелери болот, аны устат гана билет. Эгерде кээ бир жерлеринде туура эмес үйрөнүп алсаң, аны оңдош кайра кыйын. Ошондуктан сөзсүз түрдө профессионалдан сабак алган туура.

— Бийлеп калганыңа ким таасир берди?

— Өзүм искусствого кызыгам, офисте иштеп жатканымды элестете албайм. Көңүлүм чөгүп, жашоонун кызыгынын бардыгы, орусча айткандай, «за пределами четырех стен» дегендей сезиле берет. Ошондуктан искусство жолуна биротоло түшүш үчүн өзүмчө бий менен алек болгонго чечтим. Мен өзүм табиятыман ушундай адаммын. Айрымдар экономист, юрист, врач, ар ким каалаган максатын коюп, каалаганындай жашагысы келет. Мен болсо музыканы жакшы көрөм, жанымдай көрөм. Ошондуктан, чынымды айтсам, офисте иштебеш үчүн эле, болбой эле бий кружогун ачтым бир мектепте. Башталышында акчамды коротпой чогултуп, чаканыраак эле бир жерди ижарага алдым. Азыр бийден сабак берем. Алдыга койгон көп пландарым бар.

— Максатыңыз орундалдыбы?

— Эң биринчи орундагы максатым дагы эле ишке аша элек. Сөз бар эмеспи улуу орус элинде: «Дурак все знает, умный всегда учится» деген. Дагы эле ушул тармакта өзүмдүн тажрыйбамды жана бул тармактагы билимимди өстүрүүдөмүн. Учурда жаңы методика менен, бий устаттарды, хореографтарды өзүнчө окутушат, теория жана практика жактан кенен билим беришет. Буйруса аяктадым. Ошондой эле атайын хореографтарга уюштурулган ар кандай мастер-класстарга барып тажрыйба топтойм. Негизи азыр көп айымдар остеохондрозу, сколиоз, грыжа, ж.б. ооруларга көп чалдыгышат, ошондой проблема менен келген кардар менен иштөө — бул чоң жоопкерчилик. Ошондуктан бул тууралуу да окуп, билим алдым устатымдан.

Тилекке каршы, мага эч ким жардам берген эмес. Бардыгы каршы болгон. Өзүм 3 жылдай кыйналып жүрдүм. Кийинчерээк жардамчы кыздарым өзү эле пайда болду. Негизи Алла-таалам жардам бере турган адамдарды жиберип турат экен. Ал кыздарымды сиңдимдей, эн жакын тууганымдай көрөм. Жаныман кетпей жүргөндөрүнө аябай ыраазымын. Кыздарыма башка бий топторунан жакшы гонорар сунуштап чакырганын байкагам, бирок эмнегедир эч нерсеге карабастан, жанымда

эле жүрүшөт. Себебин сураганымда «жан дүйнөбүз сизди тандады» деп калышат.

— Бийге канча кыздар-балдарды үйрөттүң?

— Чынымды айтсам билбейм, сандан деле адашып калдым, 1000дей окуучуларды үйрөтсөм керек.

-Маегиңизге ыраазычылык билдирем. Жакшы ийгиликтерди жарата берүүңүзгө тилектешмин.

Маектешкен Жазгул Урмамбетова, — атайын Еlgezit.kg үчүн

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.