ФОТО: Россиянын лидери Кыргызстанга келди

Фото 28 Мар 2019 10:13
0 ой-пикир

Чыдамсыздык менен күтүлгөн Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында болот.

Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун  үй-музейине баруусу күтүлүүдө.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.