“Мен бозгун эмесмин! Мен чет өлкөгө качып кеткен жокмун”
Бекен Назаралиев: — Мелис мырза, биз билгенден, баш-аягы төрт-беш жылдан бери өлкө сыртында жашап, эмгектенип келесиң. Көптөн бери көрүшө элекпиз. Адегенде амандык сурашып алалы. Кындан чыккан кылычтай болуп турганыңа караганда, негизгиси, ден-соолугуң абдан жакшы экен, көрүп турам. Көз тийбесин деп койчу беле…
Эл деген эл, өзүнүн башы көрүнгөн уулдарынын кайда, кантип жүргөнүнө, эмне менен алек болуп жаткандыгына кызыгып, ал жөнүндө акыйкат сөздү уккусу келет экен. Анын үстүнө, күндөлүк басма сөздө бири сени бозгунда жүрөт деп жазса, экинчиси бизнес кылып жүрөт деп жазып жатат. Анан да, жакындан бери, сен жетектеген Улуттар биримдиги элдик партиясынын жаңыланып, жандана баштагандыгы жөнүндө сөздөр көбөйдү. Биздин редакцияга да сенин чоо-жайыңды билгиси келген жарандардын каттары келип турат. Узун сөздүн кыскасы, ушу тапта кандай иштер менен алексиң? Өзуңдүн азыркы абалыңды кандай баалайсың?
Мелис Мырзакматов:- Рахмат, сиз бизден кыйла улуу кишисиз. Дайыма байланышта болбосок да, жазган макалаларыңызды окуп, мен сизди жаш кезимен Бекен аке деп көнгөм. Уруксат берсеңиз, расмиятты коюп, сизге көнгөн адатым боюнча эле, Бекен аке деп кайрыла берсем…
Б. Н.: — Албетте уруксат, Мелис мырза. Мени жаш өзгөчөлүгүмөн, тажрыйбаман уламбы, айтор, жашы менден кичүү айым жана мырзалардын баары Кыргызстандын кайсыл тарабынын экенине карабай, Бекен аке дешет. Мен муну сыймыктануу менен кабыл алам.
М. М.: — Рахмат, Бекен. Менин ал-абалымды билип, элге туура маалымат жеткирейин деп, ушул жерге чейин жол азабын тартып келгениңиз үчүн ыраазымын. Кем болбоңуз.
Сурооңузга жооп берүүгө келгенде, менин биринчи эле айтаарым – мен бозгун эмесмин! Мен чет өлкөгө эч кимден качып кеткен жокмун. Акыйкат үчүн айтып коёюн, мени өз өлкөмөн кет деген киши да болгон эмес. Антип айтууга эч кимдин акысы да жок болучу. Кыскача айтсам, мен ошол убакта өз иштерим менен чет өлкөдө жүргөн элем. Ал кездеги бийликтин басымы менен мен үчүн күтүлбөгөн татаал кырдаал түзүлүп калды да, мен өлкөмө кире албай калдым. Болгону ушул. Мунун тарыхы бир аз узун сөз, аны ыгы келсе, кийинчерээк толуктап айтып берермин.
“Бош турган убактым эч боло элек”
Б. Н.: — Алектенген иштериң да бардыр…
М. М.:- Ооба… Ушу тапта кандай иштер менен алек болуп жатканымды кызыга сурап жатасыз. Тирүүлүктүн жумушу бүтмөк беле, Бекен аке, өзүмдүн колуман келген, өзүм сүйгөн иштерим менен иришип жүрөм. Натыйжалары, кудайга шүгүр, жаман эмес. Мамлекеттин иши деп жүрүп, убагында анча көңүл бөлө албай калган ден соолугумун, үй-бүлөмүн маселелерин чечип, бала-чакамын билим алуусуна көңүл буруп жатам. Бул да чындап келсе, мамлекеттик маанидеги иштер да. Дегинкиси, мен аялынын күйөөсү, уул-кызынын атасы, неберелеринин чоң атасы же таятасы болуу вазипасын чындап, толук аткара алган эркекти гана бактылуу эркек деп эсептейм. Мен бактылуумун, Бекен.
Ишенсеңиз, бош турган убактым эч боло элек. Өзүм да башынан бекер тура албаган, кайдан болсо өзүнө иш таап ала берген адаммын да. Күжүрмөнмүн деп мактанып жатат деп ойлобоңуз, мен чындап эле иштебей тура албайм. Сөзсүз бир иш менен алектенип турушум керек да. Анан, өзүмдү өзүм таптап, ден соолукту чыңдоо жагына да көп көңүл буруп жатам.
Бул жерде менин досторум, кесиптештерим, туугандарым бар, алар мени жалгыз да, ишсиз да ташташа элек. Мына азыр, сиз менен сүйлөшуп жаткан мүнөттөрдө эле, өзүңүз көрдүңүз, эки-үч жолу телефон чалып жиберишти. Тирүүлүктүн бүтпөгөн иши деп койчу беле… Так ошо да.
“Балээнин баары менин иштөө стилимде, мүнөзүмдө эмес, ошол кездеги жетекчилердин саясый маданиятынын жоктугунда”
Б. Н.: -Мелис мырза, абалыңдын жакшы экендигин өз көзүм менен көрүп кубанып калдым. Дайыма ушундай болушуна тилектешмин.
Кептин нугун укуктук маселелер жагына бурсамбы деп жатам. Дегеним, өткөн жылдарга кылчайып карасак, мындан төрт-беш жыл мурда сенин өз өлкөңдө жашоо, иштөө үчүн болгон мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөрүңө чектөөлөр коюлгандыгы чын да. Ошон үчүн ушинтип чет жерде жүрөсүң да, туурабы? Көпчүлүк сенин бул жерде жүргөнүндү түз эле саясый куугунтуктун натыйжасы деп билишет. Өзүң деле ошол ойдо чыгарсың, балким. Жанараакта байкап айттыңбы, байкабай айттыңбы, айтор: “Чет өлкөдө жүрүп алып, өз өлкөсүнүн бийлик бутактары жөнүндө жаман пикир айтуу осол кишинин иши” деген маанидеги сөздөрдү айттың. Ал эң туура, башкаларга өрнөк болчу жарандык позиция экенинде талаш жок. Ошентсе да, Кыргызстандын борбордук бийлиги менен сенин ортоңдо болгон келишпестиктер унутулуп калбашы керек ко. Өткөн өттү, кеткен кетти дебей, ошол келишпестиктердин чоо-жайынан кыскача да болсо кеп салып берсең кантет? Окурмандарды түкшүмөл ойлордон арылталы да.
М. М.: — Макул. Сиз айткандай, келишпестиктер албетте болгон. Болгон эмес десем калп болуп калат. Бирок, негизгиси, ал келишпестиктердин чыгыш себептерин туура түшүнүү керек ко деп ойлойм. Азыркы күндө кээ бир кадыр-барктуу саясат таануучулар деле айрым басылмаларда: “Мырзакматов борбордук бийликке баш ийбей койгон”, “Бишкек менен эсептешкен эмес” – деген өңдүү пикирлерин жарыялап келишет. Ооба, кээ бирөөлөрү түшүнүп туруп эле, атайын ушинтип айтышат. Ал эми кээ бирөөлөрү болсо, билиминин тайкылыгынан улам, түшүнбөй эле, болжоп сого берет. Экөө тең зыяндуу, бирок биринчиси экинчисине караганда алда канча көбүрөөк зыяндуу. Анткени, натуура көз карашты атайылап, натуура экенин билип туруп таркатып жатат да; адамдар жөнүндө, тарыхый кырдаал тууралуу жаңылыш пикир түзүүгө аракеттенип жатат да.
Мейли, саясат таануучулар, мени туура же натуура сындап жаткан журналисттер – баары аман болушсун дейли. Менин негизги айтайын деген кебим алар жөнүндө эмес, менин кодулана башташымын саясый жана укуктук негиздери, себептери жөнүндө. Бекен, мына өзүңүз күбөсүз, менин мэрлик мөөнөтүм бою Ош шаардык мэриясы өлкө Президентинин Жалыктарын, Премьер-министрдин буйруктары менен токтомдорун так аткарып, Баш мыйзамдын негизинде иш алып барып жатты. Муну эч ким жокко чыгара албайт.
Бирок, башкалар алиге чейин эске албай келе жаткан дагы бир укуктук жагдай бар. Сиз да жакшы билесиз, Бекен аке, Кыргызстанда көп партиялуулук системасы Баш мыйзамга жазылуу менен турмушубузга кирбеди беле. Көп партиялуулук бизден жаңыча ойлонууну, альтернативдүү пикирлер менен эсептешип, алардын пайдалуу жактарын кабыл алууну, кыскасы, чыныгы демократ болууну талап кылып турган. Дүйнөлүк практикага кайрылсак, маселен, АКШнын Колифорния же Чикаго штатынын мэри (же губернатору) Президент Дональд Трамптын чыккан партиясы эмес, башка бир партиядан болсо, ал сөзсүз түрдө өзүнүн партиясынын программасына ылайык иш алып барат да, себеби шайлоочулар аны ошентсин деп тандаган. Анын партиясынын программасын жактыргандыгы үчүн ага добуш беришкен. Мындай учурда, башкасын кой, ички-тышкы саясат же экономика багыттары боюнча да кайчы пикирлер келип чыгышы табигий нерсе. Биздин ал кездеги жетекчилер да, саясатчылар да мындай көп партиялуулуктун маданиятына али чындап көнүшө элек болучу. Демек, балээнин баары менин иштөө стилимде, мүнөзүмдө эмес, ошол кездеги жетекчилердин саясый маданиятынын жоктугунда, көп партиялуулукка негизделген саясый маданияттын чала өздөштүрүлгөндүгүндө же эске алынбагандыгында жатат. Ош мэриясында да жанагы сиз атап өткөн партиябыз – Улуттар биримдиги элдик партиясы өз убагында Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк мандатка ээ болуп, коалиция түзүүгө жетишип, ички-тышкы саясатта, экономика маселелеринде өз программасына ылайык иш жүргүзүү укугуна ээ болгон. Албетте, анын башка партиялардын сунуштарына кайчы келген пикирлери да болгон. Мындай болушу табигий нерсе эле. Ушуга карабай, биздин туура, Баш мыйзам менен башка мыйзамдар тарабынын тастыкталган иш-аракеттерибизди “Борбордук бийликке баш ийбей койгон” – дешип, теңирден тескери мүнөздөп жатышпайбы. Ал кезде го болуптур эми, азыр – сырдын баары ачылып калган кезде эмне болуп жатканын түшүнбөй турам. Анан да, ошол убакта бизден борбордук башкаруучу партияга атаандаш болуп чыгат деп чочулашты окшойт. Анткени, биздин партиянын программасы менен жасаган иштери элге көп жагынан жагып жаткан. Мындай жагдайда, келе жаткан парламенттик шайлоолорго биздин партиябыздын катышуусун каалабаган күчтөр да бар эле. Тактап айтсам, Улуттар биримдиги элдик партиясын лидеринен ажыратыш керек болучу. Ошондуктан, мага менин кабарым болбогон жасалма иш козгошуп, мен катышпаган сотто, мага тиешеси болбогон чечимдерди кабыл алуу менен, мени чет элде жашап, иштеп калууга мажбурлашты.
“…мени бир да жолу коррупциялык ишерге аралаштың деп айыпташкан эмес… менин эл алдында жүзүм жарык”
Б. Н.: — Дагы кайсы…
М. М.: -Бир мүнөт, Бекен. Дагы бир нерсени баса белгилеп койгум келет: мага эч ким, эч качан коррупционерсин деп кине койгон эмес. Ооба, ошондой, мени эч ким коррупциалык иштер менен байланышы бар деп айкан эмес, мындан ары да айта албайт, себеби далил жок. А. Атамбаев да, анын буйругун аткарган, прокурорлор менен соттор да мени бир да жолу коррупциялык ишерге аралаштың деп айыпташкан эмес болучу. Мага коюлган айып жасалма, ойдон чыгарылган айып болгон. Ойлоп көрсөңүз, курулушу баштала элек көпүрөнүн долбоорун беттерине тутуп алышып, мага мыйзамдын “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” жетекчилерге карата колдонулуучу беренеси боюнча жасалма айып коюшуп, жасалма сот чечимин чыгарышкан. Көрсө, ошол кездеги Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден уруксат сурабай туруп, курулуш курам деп демилге көтөрүпмүн. Чындыгында, мен ага рамий кат жазып, акча бөлүнбөйт деген жообун да алган болчумун. Ошондон кийин гана көпүрөнү мэриянын өз мүмкүнчүлүгү менен бүтүрүү жөнүндөгү коллективдүү чечимди кабыл аганбыз. Анан, ошондо чыгарылган сот чечимдеринин жасалма экендигин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кийин чыгарылган бир эмес эки чечими ачык-айкын далилдеп турат. Ал жөнүндө анан өзүнчө айтып берем.
Анан эле, айрым басылмалардын, алар менен кызматташкан саясат таануучулардын, сиздин айрым кесиптештериңиздин, Бекен, дайыма болбосо да анда мында, мени “коррупцияга аралашкан”, “бозгунда журөт” деп, айтып жаткандарына таң калам. Кээде күлкүм келет. Мэр болуп иштесе, кантип эле пара албасын, алды да деп ойлоп жатышат ко. А мен эч кимден, эч качан пара алган эмесмин! Муну мени менен бирге иштеген бардык адамдар эң жакшы билишет. Ким эмне десе ошо десин, менин эл алдында жүзүм жарык.
“…бүгүнкү күнү биздин колубузда Жогорку соттун “мэриянын иш-аракеттери толук мыйзамдуу” деген эки чечими турат”
Б. Н.: — Ооба, ошол убакта, айрыкча Өкмөттүн акурунан жем жеген маалымат каражаттары “Мелис Мырзакматовдун Оштогу эстекадалык көпүрөнү куруудагы коррупциялык иштери үчүн ага каршы кылмыш иши козголду” деп эле сайрап жаткандарын мен деле далай жолу уккам. Алардын айткандарына каршы, “жок, ал андай эмес мындай” деп, көзгө сайып көрсөткөндөй документалдык далилдериң бар беле?
М. М.: — Бар да, албетте. Ошол кездеги Ош мэриясынын иш-аракеттери мыйзам чегинде жүргүзүлгөндүгүн, кийинки соттук процесстер толугу менен далилдеди. Мындай соттук процесстердин жыйынтыктарын биз баарыга жар салып, жамы журтка жарыя кылып отурган жокпуз. Мисалы, 2016-жылы 30-мартта Жогорку соттун “ошол убактагы Ош шаарынын мэриясынын иш-аракеттеринин баары туура болгон, тендерлер туура өткөрүлгөн, мамлекеттин казынасына 1 сом да чыгым келген эмес” деген чечими чыккан. Ал чечим бүгүн биздин колубузда турат. Ага да карабай, мурдагы режимдин жан-жөөкөрлөрү бийликтен кетишээр алдында дагы бир жолу, ошол бизге карата Жогорку соттон чыккан чечимди жокко чыгаруу үчүн, жаңы жагдай ачылды дешип, кайрадан арыз жазышкан. Адилеттик бар экен, алардын жазган бул арызы канааттандырылбай калды. Ошентип, бүгүнкү күнү биздин колубузда Жогорку соттун “мэриянын иш-аракеттери толук мыйзамдуу” деген эки чечими турат. Мындан өткөн документ барбы!
Анан да, Ош шаарынын ошол иштерге түздөн-түз күбө болгон эли мага карата жасалган бул далилсиз каралоолорго эч ишенген эмес. Өз көзү менен көрбөгөн соң, өлкөбүздүн башка аймактарынын айрым тургундары ишенип калышы да мүмкүн. Бирок, баары бир элдин жүрөгүн алдаш кыйын экен. Каралоолордун жалган экендигин билген, өлкөбуздүн башка областарында жашаган дили таза адамдар өздөрү келип, менин көңүлүмдү көтөрүп, Улуттар биримдиги элдик партиясына мүчө болуп кирип жатышты. Элден айлансаң да аздык кылат экен.
“Мен өткөн бийликтен жетекчи эмнелерди жасабаш керек экендигин абдан үйрөндүм”
Б. Н.: -Куру жалаанын отунда далай жолу сызгырылып күйдүм дечи… Кантип көтөрдүң? Өзүң үчүн жыйынтык чыгардыңбы?
М. М.:- Ооба да… Ал күндөрдү эстегенде колуму көөдөнүмө басып, кайра-кайра тообо кылам. “Э, жараткан, ушундай жүзү каралыкты мага жасата көрбө” деп, теңирге жалбарган убактарым да болот. “Далай жолу уккам” деп жатасыз, Бекен аке, уксаңыз эсиңиздеби, тим эле көбүртүп-жабыртып “1 миллиард сомдук проект, кылымдын аферасы” деп да жарыя кылышпадыбы. Андай кийин борбордук телеканалдар аркылуу “бир дагы документи жок туруп эле Мырзакматов ушундай ишти баштаган” деп, мени тим эле дөдөй кылып көрсөткүлөрү келди. Ак жерден каралануунун заарына уугуп, эмне кыларымды билбей калган күндөрүм да болду. Мени ал күндөрдүн залакасынан, адегенде кудай, андан кийин төмөнкү үч нерсе сактап калды десем болот:
Биринчиси, албетте, ишимдин актыгына болгон терең ишеничим эле. Калптын казанынын дайым эле боркулдап кайнай бербешине, бир күнү акыйкаттын жеңишке жерээрине ишенип, чыдап жүрдүм.
Экинчиси, элдин колдоосу – өлкөбүздүн Түштүгүнөн да, Түндүгүнөн да, мени колдогон, “Сынба Мелис, ак ийилет, сынбайт”, “Бекем бол, бул күндөр да өтөт”, “Биз сени колдойбуз, кыргыздын чыгаан уулу” деген сыяктуу жүздөгөн “эсеместерди”, телефон чалууларды тааныш да, бейтааныш да адамдардан тынбай кабыл алып турбадымбы. Чынында, анчалык колдоо көрөм деп күткөн эмес элем. Бир жагынан, куру жалаа ууктуруп жатса, бир жагынан тим эле төбөм көккө жетип турду. Элден миң мертебе айлансаң аздык кылат!
Үчүнчүсү – менин ишсиз тура албаган адатым болду. Колум бошоору менен өзүм сүйгөн иштеримди аткарууга сүңгүгөн бойдон кирдим да кеттим. Тигилердин курулай каралоолорун тыңшап отурууга убактым да калбады. Ишке алаксып калдым. Кылган ишимден алган рахатым баарын басып кетти.
Ошентип, адегенде кудай, анан ушул үч нерсе мени мен бойдон сактап калды. Албетте, өзүмө керектүү жыйынтыктады да чыгарып, эстен чыккыс кылып жадыма түйүп койдум, турмуштук тажрыйбам кыйла байыды. Мен өткөн бийликтен, негизинен, жетекчи болгон киши эмнелерди эч жасабаш керек экендигин абдан үйрөндүм. Бул да мен үчүн өтө баалуу тажрыйба болду.
“…бийликтен кетээрде менден да бирдеме өөнөп калалы дешти окшойт…”
Б. Н.: -Биз уккан маалыматтар боюнча, бийлик өзү сени бир жагынан каралап жатса, экинчи жагынан Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири сага келип: “500 000 (беш жүз миң) доллар бер, сени соттон заматта таптаза кылып актатып беребиз” деген экен го. Ушул кептин чындыгы барбы, же жөн эле ушакпы?
М. М.:- Ооба, эмнесин жашырмак элем, Жогорку соттун алгачкы чечиминен кийин ошондой сунуштар болгон. Жогорку соттун экинчи чечими да чыккандан кийин такыр куру жалак калгандан көрө дештиби, же бийликтен кетээрде менден да бирдеме өөнөп калалы дештиби, айтор, бул сапар 250 000 (эки жүз элүү миң) доллар сурашты. Биринчиден, менде андай акча жок; экинчиден, Жогорку соттун биздин актыгыбызды түздөн-түз тастыктаган эки чечими турат дедим. Андан кийин эч ким мындай такилип менен кайрылган жок.
Б. Н.: -Анда ошол сага иш козгоонун түпкү тамыры акча алмай “саясаты” болгон экен деп түшүнсө болобу?
М. М.: Эми, бир жагынан ошондой да болгондугу жогорудагы кадамдарынан кийин кашкая көрүндү го. Эски режим кетээринде бир канча адамды актап салып кетти. Ошолордун катарында менден да бир нерсе өндүрүп калууну ойлошсо керек. Булар менин актыгымын сөзсүз далилденээрин билишкендиги үчүн ушундай кадамдарга барышкан да.
“Андагы кан күйгөн калабада Сооронбай Шарипович экөөбүз эриш-аркак иштегенбиз”
Б. Н.: — Айрым саясый күчтөр, атайын эле, “Июнь коогалаңында ошол кездеги облгубернатор Сооронбай Жээнбеков менен шаар башчысы Мелис Мырзакматов экөө эки жакты карап, анчалык деле чечкиндүү аракеттер жасашкан эмес”– деген тейдеги маалыматтарды тарката калып жүрүшөт. Ушундай маалымат таркаткандарга жооп узатып койбойсуңбу?
М. М.: Андай былжырак кептерди кимдердин, кандай максат менен чыгарып жатышкандыктарын мен билем! Макул, алардын логикасы боюнча Сооронбай Шарипович экөөбүз тиешелүү деңгээлде иш-аракет жасабадык дейли. Андай болсо, шаардагы, райондордогу саясый кырдаалды ким жөнгө салды экен? Бирөө-жарым мен кырдаалды жөнгө салдым деп айта алабы, экөөбүздөн башка? Эч ким айта албайт. Андагы кан күйгөн калабада Сооронбай Шарипович экөөбүз эриш-аркак, биргелешип иштегенбиз. Ошонун натыйжасында чоң от андан ары тутанбай, жайылып кетпей, кыска убакытта басылып калган. Ошол күндөрдө биздин жаныбызда бүтүндөй мэрия менен облустук администрациянын аппаратындагы жооптуу адамдар күнү-түнү кошо жүрүшкөн. Биз жалгыз жүргөн эмеспиз. Бул жагынан ондогон, жүздөгөн күбөлөрүбүз бар.
“Ичи тардык деген да бар эмеспи…”
Б. Н.: — Ош шаарындагы кандуу коогалаңда, андан кийинки учурларда кандай жакшы эмгектерди жасаганыңды Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаевдер баалап, сен жөнүндө бир ооз жакшы пикир айтпагандыктарынын себебин эмнеден көрөсүң? Алардын сени өздөрүнө атаандаш көрүшкөндүгүнөн элеби, же башка да себептери барбы?
М. М.: -Кийин ойлоп көрсөм, ошол убактарда менин ысымымын аябай популярдуу болуп кетишин алар каалашкан эмес окшойт. Ичи тардык деген да бар эмеспи. Айлалары кетип, борбордук телеканалдардан “Жаныш Бакиев келип, Ноокаттын үстүндө 300 боевик менен жашынып жатыптыр. Мырзакматов аларды тынымсыз тамак-аш менен камсыз кылып жатат”, – деп да өрдөктөрүн учуруп турушпадыбы. Кээде күлкүң гана келет да.
“Президентке пландалбаган шартта жолугууга аракет кылган жокмун”
Б. Н.: — Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга расмий иш сапар менен келгенде ал киши менен жолугууга аракет кылдың беле?
М. М.: — Мен Түркияда көптөгөн адамдар менен жолугам. Жолугушууларыбыз көбүнчө “Шеретон” отелинде өтөт. Ошол күндөрдө Россиядан конокторум бар болучу. Буйрукту карасаңыз, отелдин 10-кабатында Сооронбай Шарипович, 9-кабатында мен жатып калыпмын. Мен эл аралык протоколду жакшы билген адаммын, Президентке пландалбаган шартта жолугууга аракет кылган жокмун. Мындай шартта жолугуунун өзү акылга сыйбаган нерсе. Өзү ал киши мамлекеттик расмий иш-сапар менен келип жатса, анан эле капталдан мен чыга калып, протоколду бузсам, кадимки тентектин иши болуп калбайбы.
Б. Н.: -Кээ бир жагдайда, шартка жараша, протоколду бузганга туура келип калат да…
М. М.: -Эми мен андай аракет жасаган жокмун. Мисалы, карп-курп беттеше калсак, бири-бирибизге кучак жая көрүшөөрүбүз бышык болчу. Бирок, антсек да болмок эмес. Президенттин кыйкым таппай турган аппоненттерининин колуна көзүр бере койгондой эле болмокпуз. Андай болушун Президенттин да, менин да каалабасымды анча-мынча ой жүгүртө билген киши оңой эле түшүнөт деп ойлойм.
Б. Н.: — Мелис мырза, бул жолку баарлашуубузду ушул жерден жыйынтыктасакпы дейм. Сүйлөшө турган маселелерибиз абдан көп экен. Дагы бир нече жолу убактыңды алат окшойм. Ош коогалаңы жөнүндө чоңураак бир нерсе жазсамбы деп жүрөм. Сен жана азыркы Президентибиз ал окуянын чордонунда кайнаган эки жетекчисиңер да. Менин сапарым карып баратат. Буюрса, эртен борборубуз Бишкекте болуп калам. Эли-журтка айтар дубай саламың барбы?
М. М.: — Бар албетте… Эң алды менен, салт талабына жараша, сурагандардын баарына ысык салам айтыңыз. Эли-журт – баары сак-саламат болушсун, ылайым. Беш кол тең эмес дегендей, элден ар кыл инсан чыгат экен. Эл эсебинен байыйм, жашайм дегендерге кудай нысап берсин. Өз эмгеги менен күн көргөн адамдарыбыздын ырыскысы мол, жолдору ачык болсун. Кутман кыргыз элиме, кадырман кыргызстандыктарга миң таазим! Эли-журтум менен кучакташып көрүшөр күн алыс эмес. Элиме бир пайдасы тийер деген үмүт менен баштап алган азыноолак иштерим бар. Ошолорду бир мерчемге жеткизип алсам анан, салам айтып кирип барар күн келет. Элиме мол ырыскы, бейпил турмуш, биримдик, ал эми өлкөнүн жаңы жетекчилерине ийгилик каалайм. Кыргызстан эли – жакшы жетекчиге, жыргал турмушка, бак-таалайга татыктуу керемет эл.
— Cизге болсо чоң рахмат. Келген кадамыңызга ыраазы болуңуз.
Б. Н.: -Сага да рахмат, Мелис мырза, сенин да изги тилектериң ишке ашсын! Жакын арада ыйык мекенибизде көрүшөлү деген тилек менен…
Маекти алган Бекен НАЗАРАЛИЕВ, Анкара шаары, “ЖАҢЫ ОРДО” коомдук, саясый гезити, 22-март, 2019-жыл, №10 (624)