«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келерин кыйытты. Бул тууралуу ал кечээ Facеbook баракчасына жарыялаган куттуктоосунда билдирди.
Саясатчы социалдык тармактагы баракчасы аркылы жылы элге кайрылуу жана майрамдарда гана колдонот.
Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары менен жолугуп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүргүзүүдө Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу деген кине менен айыпталып, кылмыш иши козголгон.
Бабанов учурда Орусияда ишкерлик менен алектенип жүргөнүн анын санаалашы, парламент депутаты Руслан Казакбаев билдирген.