“Акыркы күндөрү Атамбаев күн тартибин аныктап калды”. Өмүрбек Текебаев менен маек

Аналитика, Интервью, Саясат 22 Мар 2019 14:00
0 ой-пикир

Биздин маектин темасы башка болушу керек эле. Философиялык нерселер, баалуулуктар, Кыргызстандын саясатынын тарыхы тууралуу кеп кылалы дегенбиз. Бирок, акыркы жаңылыктар пландарыбызды өзгөртүүгө аргасыз кылды. Тарыхы бай “Ата Мекен” партиясынын лидери, Кыргыз Конституциясынын “атасы” Өмүрбек Текебаевден КСДПнын оппозицияга кетүүсү менен абал кандай нукка бурулары тууралуу сурабай коё албадык.

-КСДП партиясы, тактап айтканда “Атамбаев тарабы” 18-мартта оппозиция болорун расмий жарыялады. Бул кандай кесепеттерге алып келет? Юридикалык, саясий жактан ж.б.?

— КСДПнын бул билдирүүсүндө эч кандай саясий маани жок. Эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес жана эч кандай юридикалык кесепеттерге деле алып келбейт. Парламенттик фракциянын билдирүүсү – бул башка иш. Анын юридикалык мааниси бар. Иса Өмүркулов өлкөнүн кызыкчылыгы партиянын кызыкчылыгынан жогору турарын билдирди. Ошондой эле алар коалициядан чыгалы деген ою жок экенин кошумчалады. Бул демек, көпчүлүк коалиция сакталып, Өкмөт ошол эле курам менен иштей берет дегенди билдирет.

-Эгерде учурдагы абалды Атамбаевдин катышуусу жок карай турган болсок, анда КСДПнын айланасындагы абал боюнча төмөнкүдөй суроо жаралат: эмнеге силер жана Конституциялык жыйын боюнча кесиптештериңер биздин Конституцияда императивдик эмес, эркин мандат түшүнүгүн бекемдөөнү чечтиңер? Императивдик мандат депутаттарды көзөмөлдөөгө шайлоочуларга гана эмес, саясий партияларга дагы мүмкүнчүлүк бермек. Парламенттик шайлоодон кийин депутаттар партия менен байланышта болуп, өз алдынча партиясыз иш жүргүзө алмак эмес. Же жаңылып жатабызбы?

— Европадагы туруктуу жана экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдө эркин мандат түшүнүгү бар. “Штрейкбрехерлерди” жазалоонун жалгыз жолу – алар “сатып” кеткен партиядан депутаттыкка аттана алышпайт. Биз Европа эмеспиз. Бирок, бизди коммунисттик партия башкарып тургандагы абалдын начар болгондугун билебиз. Коммунисттик партиялар совет коомунун, жада калса ар бир үй-бүлөнүн коомдук-саясий жашоосун көзөмөлдөп турган.

90-жылдары Советтер Союзу урагандан кийин эң башкысы бул системаны жоюу жана бир партиянын үстөмдүгүнөн чыгуу болгон. Бирок коммунисттик доордон бизде бул же тигил партия мамлекеттик бийликти узурпация кылып алат деген коркунуч калган. Ошондуктан, мындай ойдон коргонуу үчүн Конституцияда мамлекеттик, муниципалдык, партиялык институттардын биригүүсүнө тыюу салган норма киргизилген, ал эми депутаттын мандаты эркин болуп калган. Партияда депутатты чакырып алууга укук жок. Депутат өзү кылган иштерине жооп берет. Бирок, башкача учурлар да кездешет. Мисалы, Уинстон Черчилль. Парламенттик шайлоонун алдында ал партиясын үч жолу алмаштырган. Журналисттер принципиалдуулук тууралуу суроо беришкенде Черчилль белгилүү афоризм менен жооп берген, ал дайыма Англиянын элине пайдасы тие турган партиянын катарында болорун билдирген. Бирок ал Черчилль.

Биз эркин депутаттык мандат тууралуу талкуу кылып жатканда, партиянын ичиндеги этиканы жогорулатууга басым жасаганбыз. Албетте, бизде нары-бери чуркап жүргөндөр да бар. Бизде сөзүнө турбаган адамдар да бар. Бирок, бизде Украинанын Жогорку Радасында жакында эле болгондой, депутаттарды тобу менен сатып алуу жок. Баса, мындай көрүнүштөн кийин алар императивдик мандатты мыйзам аркылуу бекитишкен. Ошондуктан, биз Кыргызстанда парламентаризмди демократиялык Мыйзамдар аркылуу өнүктүрүп жатабыз деп айта алам. Демек, КСДП партиясынын фракция тууралуу тараткан билдирүүсүнө эч кандай өзгөрүү болбойт. Жогорку Кеңеште партиялык фракциянын ишин жөнгө салуу тууралуу жободо партия, фракция партиянын шайлоо алдындагы программасын, партиянын программалык принциптерин жана убадаларын жетекчиликке алып иш алып барары жазылган. Бул башкы чийин десек болот. Бирок, башка иштерде фракция саясий партиядан көз каранды болбой иштейт. Жада калса партия жоюлуп кетсе дагы, фракциянын тагдырына эч кандай таасир болбойт. Фракция кийинки шайлоого чейин парламентте ишин уланта берет.

— Атамбаев Жээнбековду бир жылга жетпеген убакыт мурда эле сындап чыкты эле. Бирок, оппозицияга кетери тууралуу эми гана расмий жарыялады. Эмнеге?

-Биринчиден, акыркы күндөрү Атамбаев күн тартибин аныктап, саясий процесстердин өнүгүүсүнө таасир берип калды. Экинчиден, Атамбаев ички туюмуна таяныппы же кеңешчилеринин сөзүн угуппу, айтор, саясий жоготууларды азайтуучу чечимдерди кабыл алып калды. Мисалы, 3-6-апрелге КСДП партиясынын II съезди белгиленген. Демек, партияны бөлүнүү күтүп жатат. КСДПнын мураскери кайсы бөлүгү болору азырынча белгисиз. Бирок, бөлүнүү болору баарына айкын. Мына ушундай абалдын алдында Атамбаев билдирүү жасады. Бул кадамы менен КСДП фракциясын жана анын лидери Иса Өмүркуловду ыңгайсыз абалга калтырды. Иса Өмүркулов билдирүүгө жооп берип жатып, Алмазбек Атамбаевди КСДПнын төрагасы катары легитимдүүлүгүн мойнуна алды. Мыйзам боюнча партиянын билдирүүлөрү юридикалык таасири болбосо дагы, моралдык-саясий жана этикалык таасири бар. Мен буга чейин айткандай эле, эркин мандат бар болгон өлкөлөрдүн баарында мындай көйгөйлөр моралдык-этикалык нормалардын деңгээлине ылайык чечилет. Партия – бул ата-эне. Албетте, фракция өз алдынча агым менен кетсе болот. Бул партияга кайдыгер карагандыктан жана партия ичиндеги моралдык-саясий абалдан кабар берет. Партияга көз жумган фракция лидери, жана тескерисинче. Мен азыр КСДПдагы абал тууралуу эмес, жалпы жонунан айтып жатам. Бирок, биз Кыргызстанда мындай маданиятты калыптандырбашыбыз керек. Биз жаштарга көрсөтчү үлгү бул эмес.

— Атамбаев саясий тобокелдиктер кантип азайтып жатканы тууралуу кенен айтып бере аласызбы?

-3-апрелде бөлүнгөндөрдүн съезди болот. Саясий кеңештин көбү Иса Өмүркуловдун тарабында. Чыныбай Турсунбековду кошкондо 19 адам. Съезд партиянын жаңы лидерин тандайт. Саясий кеңештин жаңы курамын бекитет. Юстиция министрлиги дал ушул саясий кеңешти жана жаңы саясий кеңешти таанып коёт. Башкача айтканда, Иса Өмүркулов озунуп алдыга чыкты. Бирок, Атамбаев оппозицияга кетери тууралуу билдирүү жасап жана фракцияны дагы оппозицияга кетүүгө чакырып Өмүркуловдон 2 жумага алдыга кетти. Фракция баш тартты.

Бирок эл бул абалга юрист катары карабайт. Эл бир тарабынан жөнөкөй, экинчи тарабынан логикага таянып ой жүгүртөт. Саясий оюндардагы баардык ньюанстар жана тиги же бул чечимдин максаты коомчулукка дайыма эле белгилүү боло бербейт. Атамбаев абийирине карап оппозицияга кетип жатканын эл көрүп жатат. Бул жагабы же жакпайбы чынчыл кадам. Партия тиешелүү чечим кабыл алды. Ал эми фракция болсо жылуу ордунан козголгусу келбей жатат. Демек, бир кадамы менен эле Атамбаев фракцияны ыңгайсыз абалга кептеп койду. Эми Атамбаев эмес, фракция эмнеге партиянын артынан оппозицияга кетпей жатканын түшүндүрүп, актанышы керек болот. 3 жана 6-апрель жакындап калды. Ар бир топ съезд өткөрөт, бул абалда талаш маселе жаралып, сотко чейин барышы толук мүмкүн. Ал учурда Иса Өмүркуловдун тарабы колдоо табышы мүмкүн. Бирок, Атамбаевдин билдирүүлөрүнөн кийин бул башкача кабыл алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, саясий партияны рейдерлик басып алуу катары. Бийликти ушул кадам боюнча айыптоолор болот. Бул жерде Атамбаев саясий жоготууларды кантип азайтып гана эмес, айрым саясий маселелерди чечип да койду десем болот.

-Кайсы маселелерди?

-Биринчиден, Атамбаев саясий жоготууларды азайтты.

Экинчиден, “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын съездинин легитимдүүлүгүнө шек жаратты.

Үчүнчүдөн, ал Президентти ыңгайсыз саясий абалда калтырды, себеби айрымдар КСДП менен болгон абалды саясий рейдерчилик деп баалашы ыктымал. Ал эми Атамбаевге каршы жасалган баардык иштер саясий кысым катары кабыл алынат. Жалпылап айтканда, Атамбаев саясий иммунитетин бекемдеп алды.

-Башкача айтканда, ал салгылашуунун бул бөлүгүн уттубу?

-Ооба, бирок бир салгылашуудагы жеңиш бул согуштагы толук жеңиш эмес экенин эсиңерден чыгарбагыла.

Elgezit.kg редакциясы маек алууда жардам кылган Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларына ыраазычылык билдирет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.