2020-жылдан кийинки шайлоодо Казакстандын президенти ким болот? Аркадий Дубнов менен маек

Интервью, Саясат 22 Мар 2019 14:32
0 ой-пикир

Орусиянын белгилүү эл аралык журналисти Аркадий Дубнов менен Elgezit.kg маек курду.

— Сиз Борбордук Азия аймагында көптөн бери иштеп келесиз. Бул чөлкөмдөгү мурдагы жана азыркы президенттердин баары менен таанышсыз. Назарбаевдин отставкасы Сиз үчүн күтүүсүз болдубу?

— Негизи мен үчүн анын отставкага кеткени күтүүсүз деле болгон жок, бирок, дал ушул маалда кетерин күткөн эмесмин.

— Касым-Жомарт Токаев. Бул көпкө кармалчу фигурабы же өткөөл мезгилдеги элеби? Казакстанда 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийин такка Дарига Назарбаева келиши мүмкүн деген кептер айтылууда…

— Мен мындай алмашуулардын тарапташы эмесмин. Дарига Назарбаева өлкөнү башкара албайт деп ойлогонум үчүн эмес. Мен мындай сөздөрдүн маанисин түшүнгөн жокмун. Нурсултан Назарбаев мурасын өткөрүп берүүгө кепилдик бере албайт. Касым-Жомарт Токаев бул жакынкы эле тарыхыбызда болгондой, өткөөл мезгилдеги фигура, аны ошол учурлардагы бийликти өткөрүп берүү жолу менен салыштырсак болот.

Өткөөл мезгилде дайыма алсыз фигура пайда болот, башкача айтканда, баарына ыңгайлуу, башка топторду жана кландарды канааттандырган адам. Буга Сталиндин өлүмүнөн кийинки Никита Хрущев мисал боло алат. Ал көпкө кармалбайт деп ойлошкон, себеби башка олуттуу фигуралар бар эле. Хрущевдон кийинки Леонид Брежнев деле дал ошондой фигура болгон. Башында ал Косыгин жана Советтер Союзундагы башка саясий лидерлер менен катар эле коллективдүү башкарууда болгон. Кийин Брежнев өлкөнү каза болгонго чейин 18 жыл башкарды. Ошондуктан Токаев өткөөл мезгилдеги фигура деп айта албайм. Президенттик шайлоого жакын анын атаандаштары ким болору билинет. Назарбаевдин жанындагылардан бирөө болору шексиз. Казакстанда башка адамдар болушу мүмкүн эмес. Бирок, бул сөзсүз эле Дарига Назарбаева эмес. Ошол эле мезгилде Дарига Назарбаеванын Казакстан сенатынын төрагасы болуп дайындалганы дагы абалды башка нукка бурууда. Мамлекеттик иерархияда Дарига экинчи орунда, демек, кийинки президенттик шайлоодо башкы талапкер болушу толук мүмкүн. Мындай болсо, Назарбаеванын айланасындагы кишилер Токаевди олуттуу атаандаш катары санашпайт жана ал атасынын ордун басышы үчүн баардык аракеттерин жумшашат.

— Казакстанда башаламандык болобу, же баары мурда эле чечилип, ич ара сүйлөшүлүп калды беле?

— Өзбекстанда бийлик алмашканда да баары башаламандык болот деп күткөн. Бирок, андай болгон жок. Казакстанда да эч кандай андай абал жаралбайт деп толук ишеним менен айта алам. Эгерде көп жоготууга дуушар болчу топтор жана кландар кандайдыр бир амбиция менен чыгышса, анда сөзсүз колундагыдан кол жуушат. Аларга бөлүнгөн орундарга макул эмес амбициялары менен чыкса. Ошондуктан Казакстанда баары тынч болоруна ишенем.

—Орусиядагы сенаторлордун бири Назарбаевдин отставкасы тууралуу пикир билдирип жатып, бул Евразиялык биримдикке терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты. Сиз мындай пикирлерге кошуласызбы?

— Мен ошол сенатордун атын билгим келип турат. Москвада жөн гана сүйлөп койгон сенаторлор көп, алардын бири түрмөдө отурат. Алардын айтканы боюнча өз пикиримди билдиргим келбейт. Бирок, Назарбаевдин кетиши менен Евразиялык биримдикте Казакстандын катышуусу басаңдайт деп айтууга болбойт. Назарбаев тирүү кезде ал Орусиянын таасиринде Казакстанды кармап туруучу кепилдик механизми катары кала бермекчи. Аны менен катар эле эл аралык мамилелерде, Москва менен болгон мамиледе өз кызыкчылыгын коргогон субъект болуп кала берет.

— Сиз Казакстанды жакшы билесиз. Назарбаевдин доору бүттү деп айтсак болобу же анын мурасына кылдаттык менен мамиле жасалабы? Башкача айтканда, саясатта, экономикада, тышкы саясатта мураскерлик болобу?

— Назарбаевдин доору дегенди кандай түшүнсө болот? “Ак Орда” президенттик сарайында Назарбаевдин доору бүтө элек. Ал дагы деле өлкөнүн ыйык лидери бойдон калууда. Назарбаевдин доору мамлекет башында аларга тиешелүү эмес адам келгенде бүтөт. Ал эми андай убакыт жакында келбейт.

 Elgezit.kg редакциясы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.