Экс-президент Атамбаевдин 17-мартта башкаларды шылдыңдап, өзүнө комплимент айтып, кыскасы буркан-шаркан түшүп сүйлөгөн сөзүнөн кийин, КСДП оппозиция болорун расмий түрдө жарыялады. Аны менен катар эле өзүнүн фракциясына коалициядан чыгууну сунуштады. Эми эмне болот?
Негизи КСДПда өзгөрүүлөр бир жылдан бери эле болуп жатат. Учурда КСДПнын атынан сүйлөгөн 3 топ бар: Атамбаев жана “Форумда” отурган партия өкүлдөрү, “КСДП Атамбаевсиз” кыймылы менен Сагынбек Абдрахманов жана Парламентте аталган партиядан келген айрым депутаттар менен Иса Өмүркулов. Эң кызыгы, партиянын апрель айынын башында боло турган съезди тууралуу эки башка билдирүүлөр болду: чындыгында эле, Өмүркулов айткан маалда жана Атамбаев койгон убакытта съезд боло турган болсо, анда партия менен болуп жаткан абал бир аз болсо дагы түшүнүктүү болуп калмак.
Бирок, партиянын оппозицияга кетип жатканы тууралуу билдирүү боюнча Өмүркулов берген жооп көпчүлүктү таң калтырды. Ал партиянын мындай билдирүүсү легитимдүү эмес, себеби саясий кеңештин бир бөлүгү чечим кабыл алууда катышкан эмес деп айтарын күтүшкөн. Себеби ал Атамбаев съезд өтө турчу күндү белгилей албайт деген эмес беле. Бүгүн болсо партия менен фракция бөлүнүп калганын айтуу менен партияны (Атамбаев жетектеген) таанырын билдирип койду.
Андан сырткары, фракция көпчүлүк коалициядан чыкпай турганын мындай курч абалда Өкмөттүн ишин туруксуздыштыруу туура эмес экендиги менен түшүндүрдү. Башкача айтканда, ал партиянын чечими менен саясий дагы укуктук дагы тарабынан макул эместигин билдирген жок. Бул чечимди эсине аларын, бирок фракция аны менен макул эместигин кыйытты. Ага караганда Строкова айым логикага ылайык реакция кылды, ал Президентти партияга Атамбаев байлаганын жана өзү алып келген кишиге партия оппозиция боло албастыгын билдирди.
КСДПда шахматтагыдай пат кырдаалы түзүлдү, өзгөчө фракцияда. Де факто, парламенттеги социал-демократтар партиясыз фракция болуп калышты, бирок Конституциядагы шайлоо Мыйзамында партиясыз шайлоого катышуу мүмкүн эмес. Прецедентке ылайык, партия парламентте отурган депутаттарды мандатынан ажырата албайт. Албетте, партия депутаттарын башкаруу коалициясынан чыгууну талап кыла алат, бирок ал максаттарына жетиши күмөн.
Атамбаевге мындан эч кандай жаман кырдаал жаралбайт, бирок фракцияны бир топ эле алсыздандырат. Депутаттар өздөрү менен өздөрү. Бул жерде формалдуу эмес нерсе аргасыздан формалдуу болуп калат – себеби шайлоочулардын добушун талапкерлер өздөрү күчүнүн барынча аракет кылып алышкан, адамдар партия үчүн добуш беришкен жок да. КСДПнын депутаттары парламентке келүүсүн ушинтип түшүндүрүшсө болот. Жанар Акаев мурда эле депутат болуу укугун негиздеп берген, бирок, КСДПнын депутаттары дагы абалдан ушундай жол менен чыга алышары күмөн.
Азырынча КСДП фракциясындагы депутаттардын көбү партиянын мүчөсү, ошондуктан, партиялык мандат сакталып келүүдө. Атамбаев, Ниязов жана Жолдубаева биригип туруп, алар менен макул болбогон “саткындарды” партиядан чыгарып салышса кандай абал жаралары кызык. Эң кызык комедия болот. Эми Мыйзамда жазылбаган иштер болуп жаткандыктан, бул жерден дагы жазылбаган иш-аракеттерди кылып КСДПдан чыгарылгандардын баары “Ата Мекендин” катарына кошуп алса болот, ошондо алар эң чоң фракция болуп, көпчүлүк коалициясын түзүп алышат!
Бул саясий циркте “чоң саясаттан кетпей турганын”, “кайрадан саясатка кайтып жатканын” айтып жаткан адамдын ролу унутулуп калышы мүмкүн. Биздин саясаттын тили өзү эле цирк. Кыргызстандын саясатында “кетип жатам”, “кетпейм”, “келип жатам” ж.б. айтуу маанисиз, эч ким саясаттан эч жакка кетпейт. КСДП оппозицияга “кетип жатат”, бирок, оппозиция деле башка жакта эмес, ушул эле жерде. Кыргызстанда башкаруучу партия менен оппозициянын ортосундагы дистанция эки адамдын эле ортосундагы мамиледе. Бирок, саясат тиги тарапта болобу же бул тараптабы ал аморфтуу. Саясатта сезилерлик өзгөрүү болуп жатса, Өкмөт туура эмес кадамдарга барган болсо “оппозицияга” кетүү максатка ылайык. Бирок, Кыргызстандай мындай болбойт.
“Чоң саясат” тууралуу кеп кылып да кереги жок. Чоң саясат – бул чоң идеялардын, стратегиялардын талкуулануусу. Кыргызстандын саясаты майдаланып кеткен. Себеби, саясаттагы тай казан – Ак үй. Чоң саясатты чоң адамдар жасайт. Ал эми биздин саясаттагы адамдар, тилекке каршы, майда адамдар. Өзү маңдай тери менен тапкан миллиондор, кандай коньякты кайсы идиштен ичкени, кандай тамеки чеккени тууралуу кеп кылышат. Майда саясат Ак үй аркылуу жасалып жаткандыктан, өлкө да майда бөлүктөргө бөлүнүп кеткен. Өлкөдөгү саясий жашоо циркке, комедияга айланып калган.
Саясий серепчи Эмиль Жураев – атайын Elgezit.kg үчүн.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.