Атамбаев менен Жээнбеков маалымат айдыңында кайрадан бетме-бет келишти. Экс-президент мурдагыдан дагы ачуулуу жана агрессивдүү болгону сезилип турат. Эски досунун дарегине айтылган сындар дагы курчуптур. Ал эми учурдагы Президент өзүн токтоо кармап, бир убакта өлкөнү башкарган “уюшкан кылмыштуу топ” тууралуу айтып, бул Атамбаевдин башкаруу учурунда болгонун кыйытты.
Мурдагы жана учурдагы ажолор бир жерден гана бир пикирде болушту. Экөө тең Бакиевди жектешти. Атамбаев түз айтса, Жээнбеков кыйыр түрүндө. Мурдагы достордун “фантомдук оорулары” тынчсыздандырбай койбойт албетте.
Атамбаевдин го жашоосунун баары күрөш. Алгач, Акаев менен андан соң Бакиев менен, кийин Отунбаева менен, азыр болсо Жээнбеков менен тирешүүдө. Бул анын саясий курсунун мазмуну. Жашоосунун маңызы, эгерде муну «маңыз» деп атоого болсо. Себеби башка нерсе жок.
Атамбаевдин акыркы сүйлөгөн сөздөрү болсо, ал Бакиевден дагы коркунучтуу жана андан дагы начар болгон душман тапкандай – ал «Жээнбековдун кланы».
Өз кезегинде Жээнбеков Атамбаев таңуулап жаткан Бакиев менен болгон окшоштуктардан кутулуунун аракетинде. Бул талкууну айланып өтүп, оппоненти менен каршылашуунун ордуна Жээнбеков болгон күчүн Бакиевге окшош эмес экенин далилдөөгө коротууда. Бул абалда Атамбаевге жооп бербей койсо деле туура болмок. Себеби, ал атайылап Жээнбековдун “кайра куруучу улут атасы” образын бузуп, өз эрежелери менен ойноого түртүп жатпайбы.
Бир сөз менен айтканда, бул оюнга көңүл буруунун кажети жок. Эки тараптын кебине кулак салган киши экөө тең өлкөдө кайра курууну баштап, алдыга кадам таштайын деген ойдо эмес экенин түшүнөт.
Кайра куруучу, улут атасы, акылдуу жана адилеттүү адамдын образы сүйлөгөн сөздөн гана эмес, реформаларды жүргүзө билүү, стратегияларды ишке ашыруу, тарыхта жөн гана саясатчы эмес, мамлекеттик ишмер катары алтын тамгалар менен жазылып калуу менен сыпатталат.
Ал эми “дайыма каршы” позициясында турган саясатчы күчүнүн баарын атайын же ойлоп таап алган душманы менен күрөшүүгө жумшайт. Анын жеңиштери тарыхта мүнөттүк гана болот. Душмандар социалдык чыңалуу болуп турганда атайын капталдан чыгып, абалды дагы курчутат, бирок “улут атасы” мындай карөзгөй кадамдарга көңүл бурбоосу кажет.
Дайыма күрөш менен алек болгон адам бизди 6 жыл бою башкарып турду. Бул убакта Кыргызстан карызга батып, “баасыз” ЖЭБге ээ болуп, коррупциянын символу болуп, саясий куугунтукка кабылгандардын узун тизмесине ээ болду, эл аралык аферисттерге мамлекеттик деңгээлде алданды ж.б.
Демек, Жээнбековго калган мурас суктанарлык эмес. Мамлекеттин ишин камсыз кылган системалар иштеп жатат, бирок начар. Күч органдар системасы, сот системасы, билим берүү, саламаттыкты сактоо системасы, салык жана бажы кызматтары жана албетте башкаруу системасы начар абалда. Бирок бийлик бул маселелерди чечүүдө азырынча иннерциялык өнүгүүдөн башка сценарий сунуштай элек. Бул эмне дегендик? Бул стагнация жана деградация тенденцияларын улантуу дегенди билдирет.
Жогорку кызматта отургандардын, биринчи кезекте Президенттин эффективдүү иши мыкты өлкө куруу менен өлчөнөт. Жээнбеков жок дегенде пайдубал куруп берүүсү керек.
Бирок, Жээнбеков ишин жакшыртуу үчүн программа түзүп, аны ишке ашырып баштайбы азырынча белгисиз. Ошентсе да үмүт өчө элек. Ошол эле учурда Жээнбековдун убактысы дагы учуп жатканын тануу мүмкүн эмес.