Кыргызстанда 85 миң баланын ата-энеси миграцияда

Окуялар тизмеги 27 Фев 2019 14:01
0 ой-пикир

Кыргызстанда 85 миңден ашык баланын ата-энеси миграцияда жүрөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумова бүгүнкү жыйында билдирди.

Анын айтымында учурда 85 миң 904 баланын ата-энеси миграцияда. Ата-энеси мигрант болуп жургөн балдардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда, дээрлик 23 миң бала.

Ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын санын тактоо иштери аягына чыга электигине байланыштуу бул сандар дагы өсүшү мүмкүн экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, өлкөнүн баардык аймактарында 511 атайын штабдар иштейт. Алардын көпчүлүгү жергиликтүү райондук администрацияларга бекитилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.