Эсеп палатасы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кемчиликтерин аныктады

Окуялар тизмеги 27 Фев 2019 12:36
0 ой-пикир

Эсеп палатасы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде бюджеттик каражаттардын сарпталышы боюнча текшерүү жүргүздү. Текшерүү учурунда айлык акыны негизсиз төлөө, бюджеттик жана насыя каражаттарды максатсыз пайдалануу, дебитордук карыздарды жашыруу сыяктуу бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Эсеп палатасынын маалыматы боюнча, 4,4 млн. сом туура эмес пайдаланылганы аныкталган, анын ичинен 3,5 млн. сом Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарында «Ишкер» деп аталган чакан насыя агенттигин каржылоого сарпталган.

Ал эми 3,6 млн. сом Балыкчы шаарындагы, Биринчи май, Аксы, Ноокен жана Ак-Талаа райондорундагы социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында, Жалал-Абаддагы психоневрологиялык ооруканада айлык акыны негизсиз төлөө үчүн сарпталып кеткен. Ошол эле учурда министрликтин 7 мекемесинде айлык акы төлөөдө 5,5 млн. сомдук мыйзам бузуу аныкталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.