Парламент комитети Космосбек Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды

Окуялар тизмеги 26 Фев 2019 13:43
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 26-февралда жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кызматтык жоопкерчилигин кароону өкмөткө сунуш кылды. Мындан тышкары министрге кымбат баалуу жол тандабас сатылып алынышынын мыйзамдык жагын текшерүү Башкы прокуратурага тапшырылды. Комитет баасы 82 миң доллар турган бул жол тандабасты сатып, ордуна «Тез жардам» унааларын сатып алууну да өкмөткө тапшырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган комитеттин мүчөсү Абдывахап Нурбаев кабарлады:

— Саламаттык сактоо министрлигине эл аралык уюмдан берилген гранттык акча туура эмес пайдаланылып, автоунаа сатылып алынган. Буга байланыштуу саламаттык сактоо министрин иштен алуу маселесин кароону өкмөт башчыга тапшырдык жана Башкы прокуратура бул иштин мыйзамдык жагын текшеришин талап кылдык.

Депутат Абдывахап Нурбаев буга чейин да тармактын абалы оор болуп турган учурда министрдин мындай кымбат машине менен жүрүүгө моралдык акысы жок экенин айтып чыккан. Саламаттык сактоо министрлиги үчүн Дүйнөлүк банктын акчасына 82 миң долларлык жол тандабас сатылып алынганы тууралуу маалымат коомчулукта кызуу талкууланган.

Кийинчерээк министрликтин кымбат жол тандабасы өкмөттүн гаражына токтотулганы кабарланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.