Бир катар акимдер кызматтарынан бошотулду. Тийиштүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
15-февралда өкмөттүн жыйынында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бир катар жетекчилерине сөгүш берилип, бир нече жетекчини кызматынан бошотуу сунушталган. Буга 2018-жылда аймактарды өнүктүрүү иш-чараларынын алкагында пландалган иштер чала аткарылып, максатына жетпей калганы себеп болгон.
Кызматтан кеткен акимдердин тизмеси:
- Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы, аким Азамат Эсенбеков;
- Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы, аким Жумгалбек Дүйшебаев;
- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы, аким Масалбек Мырзамамытов;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы, аким Майорбек Сатымкулов;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы, аким Улан Доконбаев;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы, аким Таалайбек Ажиев;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Каныбек Камбаралиев.
Ошону менен катар эле министрлик жана мекемелердин айрым жетекчилерине сөгүш жарыяланып, эскертүү берилген.
Сөгүш жарыялангандардын тизмеси:
- Экономика министри Олег Панкратов;
- Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева;
- Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу;
- Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов;
- Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова;
- Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев.
Эскертүү алган министрлик жана мекемелердин жетекчилеринин тизмеси:
- Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев;
- Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев;
- Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов;
- Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы Марат Калиев;
- Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов.