«Маанайымды сурашса…» — Өмүрбек Текебаевдин маеги
Өмүрбек Текебаев эмнеге ырайым сурабаганын, Атамбаев менен болгон касташуусу жана преценденттин маанилүүлүгү тууралуу Elgezit.kg сайтына эксклюзивдүү маек берди. Elgezit.kg: Өмүрбек Чиркешович, Сиз Роза Отунбаеванын демилгеси менен жазылган ырайым суроого кол коюудан баш тарттыңыз, ага фракция лидерлери гана кол коюшту, эмнеге? Биринчи кезекте эркиндикке чыгып, андан соң адилеттүүлүк үчүн күрөшүү маанилүү эмеспи? — Ырайым суроону элдер кылмыш кылгандыгын мойнуна алуу деп түшүнүшөт. Мурда Ричард Гирдин катышуусундагы «Соммерсби» тасмасын көргөн элем жана азыркыга чейин анын сюжети эсимде. 19-кылым. Америка Кошмо Штаттары. Жарандык согуштун кесепетинен кыйраган кичинекей айыл. Тасмадагы башкы каарман аялы, өспүрүм баласы дайынсыз жоголду деп санаган каарман Джек Соммерсбимин деп кайра келет. Аялы анын күйөөсү башка адам болуп калганына таң калат. Себеби, чыныгы Джек Соммерсби начар адам болгон. Ал эми жаңысы – жакшы жана камкор болот. Ал кебетесине, ак-кара деп түсүнө карабастан согуштан кийин жапа чеккен айылдаштарына жардам берет. Бара-бара айылдаштарынын арасында аброй топтоп, лидер болот. Аны баары адилеттүү деп сыйлашат. Бирок ошол мезгилде чыныгы Джек Соммерсби жасаган оор кылмыштын бети ачылат. Ал кылмышы үчүн өлүм жазасына тартылып, асылып өлтүрүлүшү керек болот. Ричард Гирдин каарманы кармалып, бир нече сот отурумдары болот. Ал чыныгы Джек Соммерсби эмес экени баарына маалым болот. Ошентип акыркы сот отуруму болот. Зал адамдарга толгон. Сот: “Сен чындыгында кимсиң?”- деп чыдабастан сурайт. Залдагылардын баары ал чыныгы Джек Соммерсби эмес экендигин айтуусун талап кылышып, кыйкырып башташат. Аялынын көз карашынан да ал суранычты окууга болот. Баш каарман бул абалды түшүнбөгөн “баласына” карайт. Бала ал ишенген, сыйлаган жана сыймыктанган адам чыныгы атасы болуусун каалайт. Ал уулунун сезимдерин билип: “Мен — Джек Соммерсбимин”- дейт. Баладан башкасынын баары нааразы болушат. Мен азыркыга чейин бул эпизодду унутпайм. Менин балдарым бар, мени лидери катары санаган партиялаштарым бар. Ошондуктан мен жасабаган кылмышты кылдым деп моюндай албайм. Мен балдарымдын, партиялаштарымдын жана башка адамдардын үмүтүн кыйрата албайм. Түрмөдөн чыгыш үчүн гана кылбаган ишти жасадым дей албайм. Ырайым суроо карапайым калктын түшүнүгүндө чөгөлөп кечирим суроо. Бул өтө пастык. Мен мындайга барбайм. Андан көрө дагы бир-эки жыл отурам. Бирок балдарымдын, партиялаштарымдын жана мага ишеним арткан башка адамдардын мага болгон сыйын жоготпойм. Elgezit.kg: Президент сиздин каалооңуз жок эле ырайым берүү актысына кол койгон болсо, аны кабыл алат белеңиз? — Эгер Президент коомчулуктун пикирине кошулуп, мен суранбаган күндө деле ырайым берсе, анда ал башка иш. Аны кабыл албай кое алмак эмесмин. Баса, Кыргызстанда мындай учур болгон. 1999-жылы мамлекет башчысына кол салууну даярдап жаткан деп айыпталган Топчубек Тургуналиевге 2001-жылы Акаев ырайым берген. Тургуналиев өзү ырайым берүүнү суранган эмес. Жада калса, камакта жаткан жеринен кетпейм деген. Бирок колониянын администрациясы аны күч менен чыгарып салган. “Биздин сизди кармап турууга укугубуз жок, үйүңүзгө барыңыз…”,-дешкен. Учурдан пайдаланып мага жардам бергиси келген Роза Исаковнага, фракция лидерлерине ыраазычылык билдиргим келет. Ырайым суроо актысы четке кагылганы менен бул кайрылуу — тарыхый документ. Анда мага байланыштуу иш буга чейин болбогон саясий куугунтук экени жазылган. Бул саясий өч алуу болчу. Бул кайрылуу менен фракциялардын лидерлери жана экс-президент Роза Отунбаева менин ишиме баа беришти. Бул документ Кыргыз Республикасынын сотторунун баардык чечимдеринен жогору турат. Elgezit.kg: Атамбаев Сизге өтө катаал мамиле кылды, эмнеге? — Боливар экөөнү көтөрө албайт деген сөз бар. Баары мен Убактылуу өкмөт тууралуу китеп жазууну чечкенде башталды. Фарид Ниязов шефине көрсөтүү үчүн колго жазылган вариантын сурады. Китепте Атамбаев жок болуп чыкты. 2016-жылдын башында “Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтү” деп аталган китебимдин бет ачарын өткөрдүм. Ага Роза Исаковна баш болуп, Убактылуу өкмөттүн баардык мүчөлөрү, парламенттик фракциялардын лидерлери келишти. Бир гана Атамбаев келген жок. Китепте чынында эле Атамбаев тууралуу сөз аз. Себеби тагдыр чечилчү маалда ал жок болуп кетчү. Маанилүү чечимдер кабыл алынып жатканда да жок эле. Ошентип китепке да кирбей калды. Ал тарыхта жалгыз калгысы келди. Ошентип саясий куугунтукту баштады. Мени гана эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүн да куугунтуктап баштады. Ошентип мен аны менен тирешип баштадым. Атамбаевдин репутациясын бузууга жана анын пландарына тоскоол болууга менде мүмкүнчүлүк бар болчу. Анын планы баардык чечүүчү орундарга жакындарын коюу болчу. Өзүнүн мурдагы жардамчыларын, катчыларын, жан сакчыларын, кароолчуларын. Ошондой эле ага баш ийген парламентти. Өзүн уккан Президентти шайлоо менен, шайлантуу менен, ал өлкөнү мындан ары да, 2020-жылга чейин башкарып турууну каалаган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийин Атамбаев премьер-министр катары чоң саясатка кайтып келмек. Мен бул планга тоскоол болмокмун. Баардык шайлоолордо, жада калса Президенттик шайлоодо дагы тоскоолдук жаратмакмын. Бул мен сөзсүз Президент болмокмун дегендик эмес, бирок процесс башка нукка бурулуп кетиши мүмкүн эле. Атамбаев тарыхта революция жасаган жалгыз баатыр болгусу келген. Убактылуу өкмөттүн баардык мүчөлөрү өлкөнүн саясатынан четтетилиши керек болчу. Ал “формалдуу” отставкасынан кийин дагы өлкөнү башкарууга кайтып келиши керек болчу. Келечекте Ата-Түрк катары улуттун атасы болуп калууну самаган. Elgezit.kg: Адамдар Сиздей оор учурга туш болгондо жашоосун анализдеп, “эмнеге ушул сыноо менин башыма түштү” жана “Жараткан бул сыноону эмнеге мага жиберди” деген ойго батышат. Сиз бул сыноо эмнеге Сизге берилди деп ойлойсуз? —Кыргызстанда жаңы саясий маданият түзүү керектигин баарыбыз билебиз. Биздин өлкөбүздүн мындан ары туруктуу жана тез өнүгүүсү үчүн бул абдан маанилүү шарт болуп саналат. Мен мугалим катары адам өзү жана анын мүнөзү кантип калыптанарын билем. Келечек муунга үлгү болуу — чоң күч. Сүйлөп, үйрөтүп жаткандар, башкаларга кеңеш бергендер өздөрү үлгү болуусу шарт. Дагы кайталайм: чыныгы күч — үлгүдө. Биздин курактагы саясатчылар прецендент түзүүсү керек, жаңы муун, жаштар баскан жолунда үлгү катары бизди карап түздөнүүсү зарыл. Мени менен болуп жаткан окуялар келечектеги муунга үлгү болот деп ойлойм. Жаштар Кыргызстанда эч кандай коркунучтарга карабастан өз сөзүнө турган адамдар, саясатчылар бар экенин көрүшөт. Идея, принциптери үчүн өзүн курмандыкка чалууга даярлар бар экенин билишет. Башкы маңыз ушунда. Кудай мага өзүмдү үлгү кылып өз тагдырым аркылуу сабак берүүгө мүмкүнчүлүк берди. Elgezit.kg: Сиз азыр стратегиялык, системалык нерселер тууралуу көп ойлонуп жатсаңыз керек. Балким, коомчулук менен бөлүшкүңүз келген нерсе бар чыгар. Ошондой эле өлкөнүн башкы көйгөйү — көз карандысыз соттордун жоктугу болуп жатпайбы. Сиздин көз карашыңызда соттор көз карандысыз болуп, адилеттүү чечим чыгаруусу үчүн кандай чара көрүү керек? Же бул азыр мүмкүн эмеспи? —Азыр саясатчылардын жаңы мууну келди. Парламенттин 90%ы жаңы адамдардан түзүлгөн. Өкмөттүн жарымынан көбү жаңы адамдар менен толукталды. Бирок муундун алмашуусу физикалык түрдө эле болду. Сапат жок. Бул мени тынчсыздандырат. Биздин кемчиликтерибиз, тилекке каршы, саясатчылардын жаңы мууну тарабынан кайталанып жатат. Прецеденттердин үлгү катары болуусунун маанилүүлүгү тууралуу ошого айтып жатам. Жана дайыма сөзүмө турууга аракет кылып келем. Кандай масштабдагы лидер болбосун, өз сөзү жана иши үчүн жоопкерчилик алууга даяр болуу керектигин көрсөтүп келем. 2006-жылы парламенттин төрагалыгынан отставкага кеттим. Мен ошондо жаңы саясатчылар мууну моралдык жана тарыхый прецеденттерди билип, кабыл алуусуна, издегенде табуусуна басым жасагым келген. Акыркы сөзүмдө судья Айбек Эрнис уулуна кайрылдым. “Айбек, азыр бүткүл өлкө сени, бул ишти карап турат. Бул резонанстуу иш. Сен соттордун көз карандысыздык прецедентин түзө аласың. Сен бийликке “жок” деп айта аласың, бир заматта баатыр гана болбостон прецедент түзөсүң…”-дегем. Соттор каалоолорду, буйруктарды аткаруу менен адилеттүү, көз карандысыз боло алышпайт. Президент, парламент, өкмөт мыйзамдар адилеттүү болуп, жакшы иштөөсү үчүн бирге аракет кылуусу керек. Мен саясатта көптөн бери жүрөм. Мен Президент, парламент жана өкмөт саясий эркин көрсөтүү менен гана сотторду көз карандысыз кыла албасын билем. Ал үчүн соттордун арасында лидерлер болушу керек. Миссияны түшүнүп, жоопкерчилик алуудан коркпогон лидерлер болуусу зарыл. Өзүнүн ыңгайлуу жашоосун, жумушун курмандыкка чалууга даярлар болушу шарт. Сыра жакшы болушу үчүн анын курамы гана эмес, аны жасаган адамдын ынсабы болуш керек деген сөз бар. Бул сотторго да тиешелүү, соттордо ыйман, ынсап болмоюнча сот системасы оңолбойт. Ушул эле формуланы башка мамлекеттик органдарга да колдонуу керек. Биздин кечирилгис катабыз — биздин муун жаңы саясий элитаны даярдай алган жок. Ошондуктан бизде өзгөрүү жок. Мен мындан өлкөбүз үчүн коркунуч көрүп турам. Elgezit.kg: Жаңылыктарга көз чаптырып турасызбы? Интернет колдонуп, гезит окууга мүмкүнчүлүгүңүз барбы? Китептер тууралуу айтсак, учурда кайсы китепти окуп жатасыз? — Мен коомчулуктан алысмын, менин күндөрүм окшош жана жөнөкөй. Жалгыз отурам. Аны көнгөндөй эле бөлмө деп атап коем. Баарына белгилүү болгондой, бөлмөдө камера коюлган. Ушундай чектелген жерде спорт менен машыгып, формамды кармап турууга аракет кылам. Күн сайын жууп — тазалайм. Тамак жасайм, гезит, китеп окуп, телевизор көрүп, радио угам. Айына бир жолу жакын туугандарым келишет. Жума сайын, жок дегенде бир жолу адвокаттарым келишет. Жана депутаттар. Тышкы дүйнө менен болгон байланышты адвокаттарым аркылуу түзөм. Учурда Нассим Николас Талебдин «Антихрупкость. Как извлечь выгоду их хаоса» деген китебин жана Блейк Краучтун «Темная материя» китептерин окуп жатам. Elgezit.kg: Сизден биз сурабай калган нерсе барбы? Кандай суроого жооп берсем деп ойлондуңуз эле? -Менин маанайым кандай экенин сурасаңар жакшы болмок. Бир саамга да мүңкүрөп калган жокмун, — деп жооп бермекмин. Elgezit.kg редакциясынын орус тилинен өздүк котормосу. Өмүрбек Текебаевден маек алууга жардам берген анын адвокаттарына ыраазычылык билдиребиз.