Аттан түшсө да, ээрден түшпөгөндөр

Окуялар тизмеги 06 Фев 2019 14:53
0 ой-пикир

Мына дал ошолор жаштардын келер күн, келечегин муунта мыкчып, кислородун жаап, “Өлөр-өлгөнчө президент” дегендей, башкаларга орун бербей, баш көтөргөндүн башы-көзүнө койгулап, же жылмаңдап, жасаркелене, алдап-соолап дегендей, амалданып ашмалтайы чыкканына айла жок турбайбы.
“Кара кыздын тагынан эмес, багынан” демекчи, канчалаган жетекчилик кызматтарды жөндүү жөндөмү жок жөлөп, капчыгынын калыңдыгына, таанышы көп танка экендигине чиренип, ойду омкоруп, тоону томкоруп салгансып, чердейген курсагын сылай, чалкалай басып жүргөндөр ушу бүгүн четтен чыгат.
Аксакал куракка келип, айыл-апанын жакшы-жаманына баш-көз болууга жарап калган жарандарга жараткан, ылайым, ыйман-ынсап берсин. Ардактуу эс алууга чыгып, уул-кыз урпактарынын төрүндө чалкалап чай ичип, небере-чеберелерин жетелеп аш-тойлорго барып, жаштарга акыл-насаатын айтып жүргөнгө не жетсин, жаштардан орун талашпай?.. Бул куракка жеткен да, жетпеген да бар демекчи…
Акыркы жылдары акылман элибиздин “Кары келсе – ашка, жаш келсе – ишке” деген макал-кеби суу кечпей, анын тескериси болуп калгандай таасир калтырат. Мындан 25-30 жыл мурдалары “Эң жаш жетекчи, эң жаш исполком, раис, райкомдун катчысы” деген жакшынакай салт, жөрөлгө боло турган. Көрсө, жаш муунга кам көрүү деген чындап ошол кезде болгон турбайбы!
Ал эми азыр болсо “Эң карт жетекчи, аким, Өкмөт башчы ж.б.” дейбизби? Баш катат…
“Карысы бардын – ырысы бар”. Карыялар дөөлөт күтсө, сөөлөт күтсө жарашат. Кеп сала келсең кеңешин айтып, маани-маңыздуу сөз айтат, кыйшыгыңды түздөп, осолуңду оңдоп, ороюңду жумшартат. Кеп оролу келип турганда “Атаңды да аяба” дейт эмеспи. Кудайга шүгүр, илим-билимдүү, окуп-чокуган, бычакка сап болоор, жетекчи кызматтарды камчы салдырбай аркалап кетүүгө жөндөмдүү да, шыгы да бар, төгөрөгү төп болбосо да арымдуу, аракеттүү жаштарыбыздан уучубуз куру эмес. “Көрө-көрө көсөм, сүйлөй-сүйлөй чечен болуптур”, “Каалоосу келишсе кар күйөт”, “Бешиктеги баладан бек чыгат”, “Тарбиясы келишсе, кула тайдан кулан тулпар чыгат”.
Кыскасы, тамаркаларыбыз дүмүрөйгөн-дүмүрөйгөн дүмүрлөргө толуп кетсе, жаш көчөттөрдү кайда алпарып олтургузаар экенбиз? дейм да… Өзүңүздөр да бир ой жүгүртүп, тыянак чыгарууга аракет кылып көрүңүздөрчү, замандаштар?!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.