Бакиров экс-спикерлер менен өкмөт башчыларды камкордукка алуу сунушун артка алды

Окуялар тизмеги 01 Фев 2019 11:55
0 ой-пикир

Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда, мурда демилгеленген президент, премьер-министр жана төраганы мамлекеттик камкордукка алуу тууралуу мыйзам долбоорун биротоло артка кайтарып алды:

— Мыйзам долбоору жөнүндө коомчулукка бир аз туура эмес маалымат берилип кетти. Нааразы пикирлер көп болууда. Шайлоочуларым да бул мыйзам долбоорунан баш тартып, алып чыкпай эле койсоңуз деген сунуштарын айтышты. Ошондуктан, мыйзамды таптакыр алып чыкпай эле койсомбу деп ойлоп жатам, — деди Бакиров.

Мирлан Бакиров коомчулукка туура эмес маалымат берилип кеткенине мыйзамды жазууда жол берилген техникалык каталар себеп болуп калышы ыктымалдыгын бекемдеди.

Депутат 31-январда «Азаттыктын» «Эки бир» телепрограммасына курган маегинде өзү демилгелеген мыйзам долбоору коомчулуктагы пикирлерди эске алуу менен иштелип чыкканын айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.