Эртең, 18-декабрда Кыргыз мамлекетинин өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жолугушат. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, эртең чек арага жакын аймактардын башчыларынын экинчи отуруму Ош шаарында өтөт. Отурумда эки өлкөнүн өкмөт башчылары төрагалык кылат.